Тургундар ун менен камсыз болду

Коронавирустун алдын алуу иштери республиканын бардык аймактарында жүрүп жатат. Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында да бул илдеттин алдын алуу иштери жүрүп, айыл өкмөттүн кызматкерлери 31- мартта айылдын көчөлөрүн дезинфекциялантышты.

Ал эми 1-апрелде Кара-Суу айылынын тургундарын 1525 сомдук ун менен камсыз кылышты.

Жана айылдын аярлуу, мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөрүнө 16 кап ун алып келип беришти.

 

Бул жардам Раим Матраимовдун атынан келгенин айыл өкмөтүнүн кызмакерлери айтышты.

Айылда айыл-чарба техникалары эле жазгы жумуштар менен алек болуп иштеп жатат, ары-бери жүргөндөр дээрлик азайды. Айылдан шаарга барып иштегендер эле көйгөй болуп жатат.

Даярдаган: Чакчагаев Султаналы