«Сүлүктү шаардык «Шахтер жолу» гезити менен тыгыз кызматташтыкта иш жүргүзүп, мындан ары гезитке берилген макалаларды сайтка чыгарып турмакчыбыз. Анда биринчи макалабыз «Сүлүктү шаарындагы ооруулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору» тарабынан берилген,Коронавирус инфекциясын алдын алуу максатында үйлөрдү жана мекеме-ишканаларды жууп-тазалоо үчүн хлор камтылган дезинфекциялоочу жумушчу аралашманы даярдоо ыкмасын сунуш кылабыз»- дейт «Сүлүктү» жамааттык мультимедиа борборунун координатору Бакытбек Сапаркулов.
Коронавирус инфекциясын алдын алуу максатында үйлөрдү жана мекеме-ишканаларды жууп-тазалоо үчүн хлор камтылган дезинфекциялоочу жумушчу аралашманы даярдоо (1% дык аралашма):
1. Хлор акиташын 10%дык негизги аралашмасын даярдоо:
25%дан кем эмес активдүү хлор камтылган 1кг кургак хлор акиташы бир аз суу куюлган идиште орточо суюктуктагы абалда жыгач таяк менен аралаштырылып эритилет (аралашманын металл менен контагына жол берилбейт).
Эритилген масса 10 литрлик айнек бөтөлкөгө 10 литр суу менен кошо куюлуп, аралаштырылат жана 24 саатка тыныктырылат.
Тыныктырылган жана тундурулган аралашманын бөлүгү экинчи бөтөлкөгө куюлат. Даяр болгон 10% дык аралашма карангы жерде беш суткадан ашпаган мөөнөттө капкагы бар идиште сакталат жана керектүү консентрациядагы жумушчу аралашманы даярдоо үчүн пайдаланылат,
2. 1% аралашманы даярдоо учун, даяр болгон 10% тик негизги аралашмадан 100 грамм хлорамин 10 литр сууга аралаштырылат. Аралашма колдонуу алдында жасалат. Аралашма ар кандай үстүнкү беттерди, эшиктин кармагычын, терезенин түбүн, полду жуу үчүн колдонулат.
Эскертүү: Хлор порошогун сууга аралаштырып ошол учурда колдонууга болбойт, сөзсүз жумушчу аралашманы даярдоо зарыл.
Ар кандай дезинфекциялоо ыкмаларында жумушчу эритменин болжолдуу сарпталуусунун жадыбалы:
Сүртүү (бир жолу) Жумушчу эритменин сарпталуусу
Үстүңкү беттер 100 мл/м2 Жабдуулар 100-150 мл/м2 Чачуу: Сиңирбеген үстүнкү бет 50 мл/м2 Сиңирген үстүнкү бет 100мл/м2 Кийимди чылап коюу 4 л/кг кургак кийимди
Колду тазалоо үчүн антисептикти даярдоо
Этил спирти 96%ттик-70мл
Глицерин -2мл
Аммиак аралашмасы -1мл
Дистирленген суу -100 млге чейин
Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
Даярдаган: Барчынай Алимова