Аталар алимент алуу укугун билишеби

Айыл жеринде жашаган атын атагысы келбеген каарманыбыз көп жылдан мурун жубайы менен эки ажырым жолго түшкөн. Анын айтымында аялы эки баласын таштап чет жака иштегени кетип ошол бойдон кайтып келген эмес. Акыры каарманыбыз сот аркылуу ажырашып бир кыз, бир уулун өзү тарбиялоо үчүн алып калган. Балдарын эч нерседен кем кылбай багып келе жатканын билдирген маектешибиз, аялынан акча сурабай тургандыгына токтолду.


(сүрөт интернеттен алынды)

“Мен аялым менен ажырашканыма 6 жыл болду. Бир кыз,бир уулум бар. Кудай тобо кызым менен уулумду эч нерседен кем кылбай багып келе жатам. Аялымдан алимент алуу оюума да келген эмес, мындай мыйзам бар экенин да билген эмесмин. Бирок, аялынан алимент алуу кыргызда уят иш го деп ойлойм. Кыргыздын мырзалары эч качан аялдарынан акча же башка бир нерсе алган эмес. Анткени үй-бүлөдө ата киреше булагы деп айтылат”.

Элибизде калыптанып калган кээ бир көрүнүштөр, өзүбүздүн жашообузга гана терс таасирин тийгизип жатканын сезбей келебиз. Жогоруда баласын багып жаткан ата, алимент алуудан намыстанаарын билдирди. Бирок, алимент – бул атага же энеге эмес, балага берилген акча экенин түшүнүү маанилүү. Серепчи Бакен Досалиева баланы татыктуу багууга чамасы жетпей жатса,аял же эркек дебей намыстанбай алиментке берүү керек дейт.


(Бакен Досалиева)

“Ажырашууда балдар көбүрөөк жабыр тартышат. Алар психологиялык жактан да материалдык жактан да, атанын же эненин мээриминен ажырап калышат. Ошондуктан баланын кызыкчылыгын биринчи орунга коюуш керек. Балдарын карабай кеткен апалар кийинки жылдарда көбөйүп жатат. Эгерде энеси таштап кеткен болсо, ата өз алдынча багууга чамасы жетпей жатса анда намыстанбай эле алиментке бериш керек го деп ойлойм”.

Жогорку Кеӊештин депутаты Айсулуу Мамашева алимент бул атага же энеге эмес, баланын татыктуу жашоосуна керектелүүчү каражат экенин баса белгилейт. Депутат айым, Кыргыстан боюнча алименттерди төлөбөй качкан ата-энелер четинен табылат дейт. Өлкө боюнча кырк эки миӊ алимент төлөбөгөн ата-энелер бар. Алардын ичинен 92 пайызы аталар болсо, ал эми 8 пайызы энелер.


(Айсулуу Мамашева)

“Сот кимдин эсебине чечсе ошол алимент алууга укуктуу. Ажырашкандан кийин кээ бир учурларда аталар дагы балдарын чоӊойтушат, өстүрүшөт. Ал учурларда энелер төлөп калышат да алименттерди. Мындай случилер бар жок эмес. Кээ бир учурларда мисалы үй-бүлөсүндө бир топ балдар болсо бир баласы атасы менен калат, бир баласы апасы менен калат. Балдар бөлүнүп кеткен учурлар да бар. Ошондо алиментти сүйлөшүп алышып бир-бирине төлөшөт же бир-бирине арыз жазбай өздөрү ар бир баланы бакканга аракет кылышат. Балдарды бөлүшүп алышып”.

Кыргызстанда алиментти төлөөдөн качан ата-энелерге карата жаңы мыйзам киргизилген. Мыйзамга ылайык бир топ чектөөлөр каралганын серсепчи Бакен Досалиева билдирди.

“Ал жаран катары, ата катары ал дагы алимент алууга акысы бар. Чектөөлөр мындай: айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат, ууга, мергенчиликке чыгууга чектөө коюлган, үчүнчү- баланы чет өлкөгө алып кетүүдө анын уруксаты жок эле алып чыгып кетет. Мисалы алимент төлөбөгөн атасынын уруксаты жок эле энеси Россиягабы,же Казакстангабы,же башка чет өлкөгөбү алып кетсе болот. Жана чет өлкөгө өзү да чыга албай калат. Эгерде алимент боюнча карызы бар болсо. Балдардын атасы менен же энеси менен калышын чечиш абдан оор маселе. Ал эми кайрылат элем кыргыздын кыз-келиндерине, ушул күкүк эне аталбай, аялдык абиир, энелик мээримди сактап, намысты сактап жакшы эне, жакшы жар болушуӊарга мен тилектеш болот элем”.

Ар бирибиз баскан кадамыбызды ойлонуп таштасак. Анткени үй-бүлөдөгү эки ажырымдын келип чыгышы балдарга кедергисин тийгизбей койбойт.

Даярдаган: Гүлкайыр Осмоналиева