Айыл тургундарынын азык-түлүк алууга каражаты жетишсиз

Ак-Талаа районундагы Көк-Жар айылында таажы вирусун алдын алууда айыл өкмөтүнүн кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштешүүдө. Тактап айтканда, алар  күндүз бөлүнгөн кварталдарда жашоочуларды кыдырып, санитардык гигиеналык жана карантиндин эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жасашса, түнкү убакта көзөмөлгө чыгышууда. Айыл тургундарынын айтымында азык-түлүк жагы кыйын болууда. Анткени азык-түлүк дүкөндөрүндө мурункудай карызга берилбей калды. Ошол эле учурда бир килограмм кумшекердин баасы 50 сомго чыкты.

Айыл өкмөттүн үйдөн тейлөөчү социалдык кызматкери Назира Чыкын кызы: «Айылдагы социалдык обьектилерди маал-маалы менен жугушсуздандырып жатабыз. Айылдан бир жеңил унаага райондун борборунан азык-түлүк алып келүүсүнө уруксат берилген. Эл болсо кыйнала баштады. Анткени айлык, пособие, пенсиялар кредитке төгүлүп, азык-түлүк алганга акча каражатыбыз жетпей калууда. Сыртта иштеген балдарыбыз акча салышчу. Азыр иш токтоп, баары айылга келип, эч жардам жок. Мал саталы десек, аларман жок. Ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ден соолугунун мумкүнчүлүгү чектелген жарандарга өзүбүз тиккен беткаптарды таратып жатабыз»,- дейт.

Даярдаган: Барчын  Мамытбекова