Ак-Талаада санитардык эпидемиологиялык борбор таажы вирусун алдын алуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө

Ак-Талаа районунда учурда таажылуу вирусту алдын алуу максатында мекеме-ишканалар, билим берүү мекемелери, ооруккана, базарлар жана эл ташуучу коомдук унаалар райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен келишимдин негизинде мезгили-мезгили менен дезинфекцияланууда.

Аталган борбордун кызматкерлери сутка бою эс алуу же майрам кунгө карабастан кезек менен көзөмөлгө турушууда.             

Ошондой эле райондун аймагындагы эмчи айымдарга жана орто мектептердин химия сабагынын мугалимдерине таажы вирусун алдын алуу, жугушсуздандыруу иштерин кандай жүргүзүү керектиги боюнча окууларды өтүштү. Анткени айылдарда жугушсуздандыруу иштерин жасоодо медициналык кызматкерлерге кошумча колдоо же жардам берүү үчүн сөзсүз кошумча күчтөр керек болот. Анын үстүнө оптимизация деп борбордогу дезинфекция бөлүмү жоюлуп кеткен. Адистер жетишсиз. Ошого карабай күн-түн түшүндүрүү, жугушсуздандыруу иштерин жүргүзүп жатабыз дейт борбордун кызматкери Дамира Осмонкулова.

Даярдаган:  Барчын Мамытбекова