21-март: Коронавирустан улам Баткендин айрым айылдарына өзгөчө кырдаал киргизилди

Бүгүн, 21-мартта Баткен облусунда коронавирусун жуктурган алгачкы учур катталды. Ал жаран Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну. Буга байланыштуу, Баткен районунун үч айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Мындан тышкары, Каракол шаарынындагы коронавирустук инфекциянын пайда болушун жана алдын алуу боюнча штабдын 21-мартка карата чыгарган убактылуу чечимдери чыкты. Ал эми Жарандык авиация агенттиги Орусия, Дубай, Делиден учуп кете албай калган КР жарандарын кайтаруу боюнча иштерди жүргүзүлүп жатканын билдирди.