Видео: Ак-Талаанын аймагында ветеринардык адистер мал-жанды жана эт азыктарын көзөмөлдөшүүдө

Учурдагы кырдаалга байланыштуу райондун аймагындагы Ак-Тал айылындагы чек ара  постто көзөмөл уюштурулду. Постто тиешелүу кызматтардын өкүлдөрү сутка бою турушат.

Ак-Талаа райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын инспектору Мирбек Токтобаев:  «Ак-Тал айылындагы постто  сыртка кетип жана сырттан келип жаткан мал жандыктар көзөмөлгө алып жатабыз. Ошондой эле, эт азыктары да текшерилүүдө»,- дейт.

Ал эми ар аптанын жума күнү райондун борборунда болуучу мал базарга аларман жана сатармандар адаттагыдай эле келип алышкан. Ветеринардык адистер  учурдагы кырдаал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, базардагы элди таратышкан.

Даярдаган:   Барчын Мамытбекова