Ак-Талаада таажы вирусун алдын алуу үчүн атайын койкалар даярдалды

Ак-Талаа районунда аталган вирус боюнча эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу жана алдын алуу иштерин көзөмөлдөө үчүн райондук жугуштуу оорулар бөлүмүндө бокс палата үчүн 8 койка, соматика бөлумүнө дене табы белгисиз себептерден көтөрүлгөн жарандар үчүн 10 койка даярдалды.

Ошондой эле Кайыңды-Булак айылындагы мурунку автобазанын имаратында изолятор үчүн 30, ушул эле имаратта байкоочу үчүн 10 койка уюштурулду.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын адиси Эльмира Токтогулованын айтымында райондогу 13 айыл өкмөттө, 47 мекемеде, 22 бала бакчада жана коомдук автоунаа ээлерине  короновирустан сактануунун жолдору боюнча маалыматтар берилди. Мындан тышкары ар кандай маданий, спорттук жана массалык  иш-чараларды убактылуу токтото туруу боюнча кошумча тапшырмалар берилди.

 

Даярдаган:  Барчын Мамытбекова