Сүлүктүгө Билим берүү жана илим министри келди

241

Бүгүн 2020-жылдын 11-март күнү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Баткен облусунун Сүлүктү шаарына иш сапары менен келди.

«Исаков Каныбек Абдуваситович иш сапары менен келип, Сүлүктү шаары боюнча жалпы орто билим берүүнүн абалы менен таанышты. Билим берүү жана илим министри, негизинен билим берүүнүн инновациялык усулдарына, жалпы билим берүүнү электрондоштуруу тармактарына көп маани берди. Сүлүктүлүк билим берүү кызматкерлери менен болгон жолугушуу учурунда кеп кеңешин берип, келечекке багыт берди»,- дейт Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдубахап Исманов.

«Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, Сүлүктү шаарындагы №9-гимназияга келип, негизинен электрондук мектеп программабыз менен жана окутуудагы колдонуп жаткан инновациялык усулдарыбыз менен таанышты. Анткени биздин гимназияда электрондук мектеп долбоорунун алкагында «EduPage» программасын ишке киргизгенбиз. Ошондой эле мамлекеттик жаны стандарттарды өздөштүрүүдө, билим берүүнүн инновациялык усулу катары Гапыр Мадаминовдун «Акыл эмгегинин маданияты», «Устаттык өнөрү», «Энелер мектеби» жана «Инсан таануу»  сабактарын киргизгенбиз. Натыйжада гимназисттерибиз математикадан Эл аралык олипиадада гран-при жана биринчи орунду ээлеген болсо, 2018-2019 окуу жылында бүтүрүүчүбүз Эркинова Айзада «Алтын Сертификатка» жетишкен. Жолугушуу учурунда Каныбек Исаков жакшы сунуштарын, көрсөтмөлөрүн берип кетти»,- дейт гимназиянын директору Базаргүл Рустамова.

«Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков эмгек жамаатыбыздагы жөнөкөй мугалимдер менен өтө жылуу маанайда баарлашып, тажрыйбасы көп мугалимдерге ыраазычылык билдирип, жаш мугалимдерди шыктандырып кетти. Министрибиздин бийик адамгерчиликтүү мамилеси бизге бир канча жылга жете турган күч кубат берди»,- дейт гимназиянын эң тажрыйбалуу мугалими, билим берүүнүн отличниги Ракыя Молдоканова.

«Билим берүү жана илим министрибиз көп убакытты талап кылбаган ыкма менен, бир эле учурда сабактардын өтүлүшү, сабактан кийинки иштердин жүрүшү жана окуучуларды ар тараптуу өнүктүрүү иштери менен таанышып, окуучулардын ой максаттарын, пикирлерин билгенге да жетишти. Өзгөчө бүтүрүүчү класстын окуучуларына жакшы мотивация берди. Кыргызстан боюнча эң алыс,  борбордон -1150 км алыстыкта жайгашкан мектеп-гимназиясына келип, мугалимдерге кеп-кеңешин берүү менен министрибиз бизди көп нерсеге шыктандырды жана милдеттендирди»,- дейт гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркулов.

Даярдаган:  Барчынай Алимова