Гимназияда Инсан таануу сабагы өттү

135

Сүлүктүдөгү №9-гимназияда класстык саат учурунда Инсан таануу сабагы өттү. Сабакты 5-а классынын класс жетекчиси Алтынай Абдурашитова уюштурган.

 

«Сабактын өзгөчө жагы өз кесибинде ийгилик жараткан замандаштаоыбызды чакырып, тегерек стол форматында өтүлөт. Бул ыкманы Гапыр Мадаминовдун педагогикалык тажрыйбасынан алганбыз»,- дейт Алтынай Абдүрашитова.

«Сабак учурунда Акыл Эмгегинин маданиятынын суроо берүү маданияты, талкуу аркылуү үйрөнүү ыкмалары колдонулду. Окуучулар чакырылган конокторго суроо берүү аркылуу көндүмдөрүн калыптандырат. Бул ыкма өтө жакшы натыйжаларды берет»,- дейт гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркулов.

«Биздин сабагыбызга милициянын запастагы майору, көп жыл бою жогорку окуу жайында окутуучу болуп иштеген Бегмурза Досов болду. Сабак учурунда максатка жетүү жолдорун жакшы үйрөндүк»,- дейт 5-а классынын окуучусу Айгерим Ашымова.

Даярдаган: Изатай Аширалиева