Үй-бүлөдөгү зордук зомбулуктан сактоо жана коргоо

2020-жылдын 9-мартында Базар-Коргон райондук прокуратурасынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы 1 сандуу «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» жөнүндөгү жарлыгын аткаруу максатында, Базар-Коргон районунун аймагында жашы жете электердин арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулардын алдын алуу жөнундөгү» мыйзамдарынын аткарылышы боюнча чогулуш өткөрүлдү.

Аталган жыйналышка Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары А.Каримов, Базар-Коргон районунун прокурору С.Сатыбалдиев, Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Н. Нармырзаев, орун басары Замира Адышова, райондогу баардык мекеме ишканаларынын башчылары, мектеп директорлору, ата-энелер жана жергиликтүү жарандар катышты.

Иш чарада, 2020-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен-«Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы»,- деп жарыялагандыгы боюнча №11 Алыкулов атындагы мектеби тарабынан «Мигрант ата-эненин баласы» аттуу форум-театр көрсөтүлдү. Аталган форум-театр жөнүндө КТИУ Жазгүл Маматова:

«Күнүмдүк турмуштан алынганын жана мигрант ата-энелердин балдарынын азыркы көрүнүшүн окуучулар өздөрү чагылдырып беришкенин айта кетти».

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары А.Каримов: «Учурда балдарга билим берүү, аларды татыктуу тарбиялоо эң негизги багыттардын бири экендигине токтолуп, ыйгарым укуктуу органдарынын биргеликте кызматташуусу күчөтүлүшү керектигин билдирди».

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын милдеттин аткаруучусу Н.Нармырзаев: «Ар бир орто мектептерде жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлор мектеп администрациясы менен биргеликте иш алып барышып, баардык мектептерде видео-көзөмөлдөө орнотуу, окуучулар арасында эмне түшүнбөстүктөр жаралса мектеп мугалимдери менен жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп, балдарды коргоо боюнча көптөгөн иштерди аткарууга түрткү берерин кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө, жыйындын катышуучулары тарабынан өспүрүмдөрдун келечеги үчүн жасалуучу сунуштарды колдоп, өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүшүштү.

Жыйында 2020-жылга карата зордук-зомбулуктарга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана балдарды колдоо боюнча атайын пландын негизинде иш-чараларды жер-жерлерде уюштурууну макулдашышты.

Даярдаган: Гүлназ Камбарали кызы