Окуучулар күтүүсүз кырдаалдарда өздөрүн жана жакындарын коргой билүүсү керек

Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде  окуучулар өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча сынакта күч сынашты. Бул сынак райондук өрткө каршы кызматы менен бирдикте уюштурулуп, окуучулар өрт өчүрүү, өрт жабдыктары, өрттөн сактануу жана жабыркаган адамдарга алгачкы медициналык жардамдарды көрсөтүү  жана эстафеталык оюндар боюнча тапшырмаларды аткарышты.

   

        

Сынакка катышкан окуучулар бардык аракеттери менен алдыңкы көрсөткүчтөрдү көрсөтүүгө аракет кылышып, жыйынтыгында  жеңүүчүлөр аныкталды. Мектеп директору Астра Токтогулова окуучулар мектепте  билим алуу менен бирге эле күтүүсүз кырдаалдарда өзүн жана айланасындагыларды коргоого, өрттү алдын алууга, биринчи жардам көрсөтүүнү билиши керек. Сынак да ошол максатта уюштурулду» дейт.

Даярдаган:  Барчын Мамытбекова

Сүрөттөр:  Шахназар Атабеков