«Кулатов айымдары» тобунун бет ачар концерти болуп өттү

Кулатов айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө Кулатов айымдары тобунун бет ачар концерттик программасы болуп өттү. Иш чарага Ноокат районунун маданият бөлүмүнүн жетекчиси Камчыбекова Арзыкан, район боюнча 12 ак жоолукчан апалардын топ мүчөлөрү, айыл тургундары, айыл өкмөт кызматкерлери катышып концертке күбө болуп кетишти.          

Кулатов айымдары тобунун саламдашып жаткан учуру

Кулатов айымдары тобунун жетекчиси Сыдыкова Анипанин айтуусуна караганда топто 8 аял бар. Алардын жаштары 50 жаштан 70 жашка чейинки айымдар. Музыкалык билими жок бирок таланты бар аялдар. «Биз сегиз тогуз айдан бери даярданып жүрөбүз. Шайыр апалар Ноокат району боюнча жалпы 14 топ түзүлүп, өз чыгармачылыктарын элге тартуулап келе жатат. Бизге январь айында кезек берилип, элге бет ачар концертибизди тартуулоого жетиштик. Айымдар өздөрүнүн үстүндө чарчабай иштеп, комуз үйрөнүү менен алектенип жатышат деп билдирди. Көрүүчүлөр тарабынан сунуштар түшүп, кайра концерт коюп берүүбүздү суранышкандыгына байланыштуу 23-февралга кайрадан концерт коюп берели деп жатабыз»- деп билдирди.

Концерт учурунда

Ноокат районунун маданият бөлүмүнүн жетекчиси Камчыбекова Арзыкан Ноокат району боюнча 14 шайыр апалар топтору түзүлүп, убак убагы менен ар түрдүү аталышта концерттик программаларын өткөрүп келе жатышат. Кулатов айымдары тобу бүгүн Төрөбай Кулатовду эскерүү кечесин жана алгачкы концертин тартуулады. Концерт жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул айымдардын тартуулаган ыр бийлери баардык көрүүчүлөрдүн купулуна толду жана өтө жакшы кабыл алышты. Бул шайыр апалардын топторун түзүүнүн негизги максаты кыргыз элинин улуттук каада-салттарын, үрп-адаттарын элге жайылтуу жана сактап калуу максатында уюштурулат. Азыркы 7 айлампасы залкарларды эскерүү, кыргыз тилин даңазалоо максатында өткөрүлүп жаткандыгын билдирди.

Ноокат районунун маданий бөлүмүнүн жетекчиси Камчыбекова Арзыкан

Даярдаган: Матраимова Айиса, Жалалова Таңнуру