Мугалимдер өспүрүмдөрдү тарбиялоодогу көйгөлөр жана аны чечүүнүн жолдорун талкуулашты

324

Сокулук райондук мектептердин тарбия завучтары семинарда азыркы учурдагы көйгөйлүү турмуш-көмүскөдө калган жашы жете элек өспүрүмдөр зордук-зомбулукка кабылышы жөнүндөгү масленинин чечүү жолдорун талкуулашты.

Дорохова Елена Сокулук районунун №1 Алымкул Жакшылыков атындагы мектеп-гимназиясынын тарбия завучу.

«Бүгүнкү семинар жогорку деңгээлде өттү. Сокулук районунан келген тарбия завучтар, тарбия иштери боюнча азыркы мезгилдин талабына карата көйгөйлүү маселелер көп кездешип жаткан темада иш-чараларды көрдүк. Мугалимдер жамааты ушул көйгөлөрдүн үстүндө изденүү менен иш алып барышкандары тууралуу тажрыйбаларын бөлүшүштү. Бүгүн, албетте, абдан чоң иш болду. Ийримдердин чыгармачыл балдарынын өнөрлөрдүн көрдүк, ачык тарбиялык сабактарга катыштык, окуучулардын өз колдорунан жаралган буюмдардын көргөзмөсү абдан жакты. Мектеп жамааты сыймыктанган иштери көп экенин байкадым»,-деп айтты.

Жумабаева Гүлайым  Кыргыз Билим Берүү академиясынын педагогика илиминин кандитаты

«Бүгүнкү семинарда Мамыралиев мектебинин мугалимдер жамааты бизге көп пайдалуу нерсени беришти. Семинардын темасын карап алып актуалдуу, өтө чоң маселе экен деп ойлондум. Себеби, өспүрүмдөрдү тарбиялоодогу көйгөлөр жана анын чечүүнүн жолдорун көргөзүштү, бул маселени чечүү керек деген максат коюп тарбиялык сааттарды жакшы иштеп чыгышкан, слайд даярдашкан. Мага баарынан дагы кызыктырганы кол өнөрчүлүк боюнча окуучулардын жасаган иштери, мугалимдери мактоого татыктуу экен. Мектеп директорунун тарбия сабагына катыштым. Жаш өзгөчүлүгүнө карата 11-класстын окуучулары «Кыялдануу» деген темада оз ойлорун чагылдара алышты»,- деп оюн билдирди.

Турсуналиев Бакыт- Раздольное орто мектебинин тарбия завучу

«Бүгүнкү семинар жакшы өттү. Темасы азыркы учурдагы көйгөйлүү турмуш-көмүскөдө калган жашы жете элек балдардын зордук-зомбулукка кабылышы жөнүндө маселени биздин тарбия иштерде кандай жолдор менен иш алып барса боло турган класстык саат, ата-энелер менен иштөө жана мектептин тарбия завучу Асанов өткөргөн тренингде көрө алдык. Мектеп жамаатынын даярдыгы жана мугалимдеринин тарбиялык ачык сабактары жакшы өткөнүн, ошондой эле окуучулардын активдүүлүгүн байкадым. Кыргыз Билим Берүү академиясынын келген меймандын кыргыз тилинде класс жетекчилер, тарбия завучтары үчүн методикалык колдонмо таратып бергендиги пайдалуу болду. Рүстөмбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясына албан-албан ийгилик каалап кетмекчимин»,- деди.

Даярдагандар: Марлен Базаркулов, Максат Сооданбеков