Сүлүктү элине тез жардам унаасы белекке берилди

239

Бүгүн Сүлүктү шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборуна «Спринтер»- үлгүсүндөгү, медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн атайын жабдылган авто унаа белекке берилди. 

Бул боюнча Сүлүктү шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун директору Асат Ибрагимов:

«Шаар тургундары үчүн тарыхый жаңылык болду десем болот. Анткени Бишкектен 1000 чакырым, облус борбору Баткен шаарынан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан  шаар калкы үчүн мындай заманбап үлгүдөгү унаа менен тез жардам көрсөтүү көп жеңилдиктерди жаратат. Кээ бир ооруулады облустук ооруканага жеткирүүдө кыйынчылыктар болгон. Эми ошонун баары артта калды», — деп маалымат берди.

Саламаттыкты сактоонун Ардактуу кызматкери, Эрежеп Гайбеков:

«Көктөн күткөнүбүз жерден табылды дегендей, мындай заманбап үлгүдөгү авто унааны, учур талабындай тез жардам көрсөтүүчү жабдуулары менен кошо Сүлүктү шаарынын элинин кызматына белек кылып берген, Бишкектеги «Илек инвест групп» компаниясынын директору Жороев Исманали Эгембердиевичке жалпы элдин атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Ал кишинин кайрымдуулук ишери өзүнөн кийинки муундарына Жараткандын мээрими, жакшылыктары болуп кайткан болсун. Ар дайым ишинде ийгилик болуп,  эки дүйнөдө бактылуу болсун»,- деп батасын берди.

«Тез жардам унаасын тапшыруу боюнча салтанаттуу жыйынга катышкан шаар тургундары Жороев Исманалиге терең ыраазычылык билдирип баталарын берди. Белгилей кетсек, Исманали Жороев Лейлек районуна ушундай тез жардам унаасынан эки даана белекке берди»,- дейт Сүлүктү шаардык санэпид көзөмөл борборунун башкы дарыгери Мусуратилла Исканов.

Даярдаган: Барчынай Алимова