Гулзат Осмонова дизайн жана модельердик кесипти бир канча жылдан бери аркалап айыл тургундарынын купулуна толуп, ар түрдүү стилдеги кийимдерди тигип келе жатат.
Гүлзат Осмонова өз каалоосу менен эмес үй-бүлөсүнүн каалосу менен турмушка чыккандан кийин дизайн- модельер факультетине тапшырып ийгиликтүү аяктаган. Бишкек шаарына барып, тажрыйба алганы ишке кирип, бир эле тармак менен чектелбестен, бир тармактан экинчи тармака өтүп отуруп, тажрыйба алган. Анан 25-26 жумушчу алып иштетет. Иши аябай ийгиликтүү жүрөт.
Азыркы учурда Ооган-Талаа айылында чакан тигүүчү цех ачып, өзү жалгыз ар түрдүү стилдеги формаларды тигет. Өзү моделдеп көйнөк, куртка, костюм шым, окуучуларга ар түрдүү улуттардагы формаларын, тигип биринчи кабатын гана иштетип келүүдө. Бирок экинчи кабатын да ишке салып бир нече жумушчуларды алып кызга сеп, той көйнөктөрду чыгарып чакан айылдын тургундарына шартты ыңгайлаштырмакчы.
Бир эле айыл менен чектелбестен тоо зонасында жайгашкан баардык конуштар келип көңүлүнө жаккандай стилде тиктирип жайдары кетишет. Мектепте иш чара болуп өтсө маселен жаңы жыл, күзгү бал, тогузунчу май болуп отсо шаарга атайын келчибиз, азыр болсо айылдан эле алып алып кирип кетебиз деп окуучулар баса белгилейт.
Гулзат Осмонованын айтымында:
«Мен бул кесипти тандоого мажбур болгом, бирок азыр өкүнбөйм, өз үй-бүлөмдү каржылайм, балдарым базардан кийим кечек сатып алышпайт, баарын өзүм тигип берем, айылдагылар кол эмгегимди баалашат, заказдар үзүлбөйт.»
«Жаштарга айтарым бул алдыга койгон максатынарды таштабагыла, кыз бала бардык жактан бар болуш керек. Бир кесиптин ээси болдунбу, ал менен гана чектелбе, башка тармакты да алып кет. Мисалы, ар улуттун ашканалары менен тааныш, тил үйрөн курстарга бар, тил билсен башка улутта да көчөдө калбайсын, тигүүчү жактан да үйрөн, бала- чаканын майда- чүйдөсүн тигип бересин»
Даярдаган: Аймээрим Саитжанова, Ширин Маратбек кызы