Жоолук салынууну ар бир аял өзү тандайт

Бүгүн Бүткүл Дүйнөлүк жоолук күнү. Дүйнөнүн ар тарабындагы аялдар бул күндү каада-салттарына карата өткөрүшөт. Төрт жылдан бери белгиленип келе жаткан бул майрамда эркек жолдоштордун апасына, эже-карындаштарына, жубайына жоолук белек кылуусу Кыргызстанда да салтка айланып бара жатат.

Илгертен эле кыргыз элинде турмушка чыккан кыз кайын журтунда, айылында жылаңбаш жүргөн эмес. Бул барган бүлөсүн, кайын журтун, салтты сыйлоо белгиси  болгон. Айрым учурда секелек кыздардын чачын беш көкүл өрүп, кызыл жоолук салышчу.

Жоолукту жашына жараша өңүн ылайыкташкан. Мисалы, жашырак келиндер ачык, ал эми улуурактары күңүрт түстөгү. Мурда көбүнчө турмушка чыккандан кийин салынса, азыр кыздар мода катары шөкөттөп, ар кандай салына  беришет. Ал эми жаңы келген келин белгилүү бир убакытка чейин жоолукту алдына таштап, ээгин бууй салынган.

Байбиче курагына келип калган чон эне, таенелер чоң жоолуктун алдынан чачпагын чыгарып салынса, айрым аймактарда байлабай, бош таштап коюшат.

Майрамкүл Ажыгулова апа учурда 73 жашта. Өмүрүн окуучуларга билим берүүгө арнап, мектепте математика мугалими болуп көп жыл эмгектенген.  «Жоолук-аялзатынын көркү. Аны түрлөп, кооздоп, ыңгайлаштырып, жараштырып салына билүү да чоң өнөр. Илгери япон жоолугу деп аябай барктап салынчу элек. Эми болсо жоолуктун түрү көп. Кийип алма даяр жоолуктар да чыгып калбадыбы. Өзүм пайгамбар жашына келип калдым. Жоолуксуз жүрө албайм, көнүп калсам керек»,- дейт.

 

 

Ал эми Баетов айылынын тургуну Күмүш Мамаева: «Жоолук бардык аялзатына жарашат. Аябай жакшы көрөм. Жоолукчан жүргөндө өзүмдү ыңгайлуу сезем. Көбүнчө үйдөн салынам. Базардан жакшы жоолук көрсөм кыя өтпөйм»,- деп айтып, кызыл, ак түстөгү жоолуктар жагарын кошумчалады.

 

 

Албетте, ар кимдин табити ар башка. Айрымдар жоолук салынууну адат кылгандар менен бирге эле салынбаган айымдар да бар.

Сарыбаева Альбина жети жылдан бери Филиппиндин борбору-Манила шаарында жашайт. «Жоолукту сагындынбы?» деген сурообузга мындай деди:  «Жоолукту салына элегиме көп болду. Салынсам эле чачтарымдын түбү кадимкидей ооруйт. Анын үстүнө бул жакта мусулмандар аз санда жана аялдары жоолуксуз эле жүрөт, салынбайт».

Даярдаган:  Барчын Мамытбекова