Билим берүү-өнүгүүнүн башаты

Акыркы үч жылга салыштырмалуу Ак-Талаа районунда билим берүү тармагында өзгөрүүлөр байкалууда. Райондун аймагындагы мектептерде  окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, аң-сезимин, ой-жүгүртүүсүн өстүрүү максатында менталдык арифметиканы жайылтуу боюнча да иш-аракеттер жасалды.

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин маалыматына караганда,  2018-2019-окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөдө бүтүрүүчүлөр жакшы упайларды топтошкон. Ошондой эле, райондогу  Э.Мейманов жана К.Молдобасанов атындагы орто мектептеринен бирден бүтүрүүчү  “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болушкан. Ал эми менталдык арифметика боюнча райондогу Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин төрт окуучусу республикалык, эл аралык олимпиадаларга катышып, алдынкы орундарды камсыз кылып келишти. Аталган ийримдин жетекчиси Нүргул Макелееванын иш-тажрыйбасын райондогу мектептерде жайылтылууда.

 

“Билим берүү бардык өнүгүштүн башаты. Андыктан, мүмкүн болушунча иштерди жасап жатабыз. Райондун аймагындагы он бир мектепке интернет байланышы  кошулду. Мындан сырткары эки бала бакчаны  жана эки мектепти толук капиталдык ремонттон өткөрдүк. Замандын талабына ылайык мугалимдер да өз учурунда билимдерин  жогорулатып, ар кандай окутуулардан курстардан өтүп турушат. Ошондой эле, билим берүү бөлүмүндө усулдук жардамдарды берүүчү методисттер да мектептерде окутуулардын өткөрүшөт. Албетте, мектептерде компьютерлер жетишпейт. Бирок камсыз кылуу үчүн тиешелүү тараптарга кайрылып жатабыз»,- дейт.

Билим берүү бөлүмүн башчысы К.Эсеналиев учурда бүтүрүүчүлөрдү жалпы республикалык тестке даярдоо үчүн балдардын билим берүү борборунда атайын курстар ачылганын кошумчалады. Анткени, Бишкек шаарына барып даярдануу үчүн  баарынын эле каражаты жете бербейт дейт.

Эскерте кетсек 2019-жылдын жыйынтыгы менен Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү  “Мыкты мекеме” номинациясына  ээ болуп, өтмө Кызыл Тууну жеңип алышкан.

Даярдаган:  Барчын Мамытбекова