Айылдык ишкер Дүйшөнбекти өз атынан эл тааныбайт

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну, «Жылдын мыкты ишкери — 2019» наамынын ээси, күн — түн дебей кызматта болгон жеке ишкердин аты Дүйшөнбек. Бирок эч ким Дүйшөнбек аты менен аташпай Душка дешет.

Жолдо калган айдоочуларга кызмат көрсөтүп келген жеке ишкер Дүйшөнбек Бейшеналиевдин дөңгөлөк желимдөөчү жайы 24 саат бою кызматта. Себеби, Куланак айылы тогуз жолдун тоомунда жайгашкан. Баетов, Тогуз Торо райондорун Нарын облусу менен байланыштырган жолдун боюнда жайгашкандыктан кардарлар үзүлбөйт.

-Тапкан кирешениз кандай, жумушунуз өзүн-өзү актайбы?

-Жумуш кучоп турганда, жайында 1500сомдон, 2000сомго чейин киреше түшөт. Кунумдук жашообузга жетет. Эн башкысы өзүмдүн ак эмгегим менен иштеп табам.

-Жумушунуздун тынымы жок. Үй бүлөңүз, ата- энеңиз кандай карашат?
-Ар дайым колдоп турушат. Түшкөн каражатка жетишпеген бумдарды сатып алып жатабыз. Жакында эле Учкун айыл өкмөтүнөн «Мыкты ишкер-2019″диплому менен сыйландым. Жана дагы мен ойлойм эң чоң жетишкендигим элге кызмат кылуум.

-Иште колдонулуучу буюмдар кайдан алынып келинген? Алардын сапаты кандай?

Бизге керектүү буюмдардын бардыгы эле Кытай мамлекетинен алынып келинген. -Сапаттары жакшы эле, азыр бардыгы тең эле иштейт.

-Келечекте алдыга койгон максаттарыңыз жөнүндө бөлүшө кетсеңиз?
-Келечекте алдыга койгон максаттарым унаа оңдоочу жайды кеңейтсем деп жатам. Унаа оңдоочу жайдын жанына унаанын майын алмаштыруучу жайын ачсамбы деген максаттарым бар.

Учурда жеке ишкер өзүнүн гана үй бүлөсүн бакпастан 6 жылдан бери бир кызматкер алып, 2 үй- бүлөнүн каржы маселесин чечип келет. Ал эми айылдаштарынын жеңил желпи жумуштарын бекер эле жазап берет.

Даярдаган: Бегимай Советова