Эс алууну билбеген метеорологдор

80

Даниил Сапышев 30 жылдан ашуун убакыттан бери Суусамыр метеостанция бөлүмүндө жетекчилик кызматты аркалайт. Ал жетектеген метеостанциянын кызматкерлери абанын кубулушун, абанын өзгөрүшүн текшерип, 24 саат боюу тынымсыз иштешет. Мекемедеги 6 кызматкер, 3 саат аралыкта топтолгон маалыматты кыргыз гидромет кызматына жөнөтүп турушат.

Эң кызыгы аларда майрам күн, дем алыш күн деген түшүнүк жок. Мындан улам метеорологдордун жумушунун оордугун билсек болот.

Даниил мырза Суусамырдагы абанын туруктуулугу тууралуу айтып жатып, адамзатынын жаратылышка кылган мамилесине кейиди. Технологиянын өнүгүшү, завод-фабриканын көбөйүшү абанын бузулушуна чоң таасир берип жаткандыгын айтты. Мурда Суусамырда аба ырайы өтө суук болгон болсо, азыр алда канча жылуулук кылат деди.

Иш учурунда

Метеостанция жакынкы күнү жаңы жабдуулар менен камсыз болушу планда бар.

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы