Сүлүктү шаары боюнча жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу мектебинин 2019- жылды жыйынтыктап, 2020- жылга карата багыттарды аныктоо боюнча жалпы жыйыны болуп өттү.
Аталган уюмдун Сүлүктү шаары боюнча координатору Бакытбек Сапаркулов:» Жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу боюнча 2019- жылдын сентябрь айынан баштап системалуу иш жүргүзүп келебиз. Ар бир мектепте жана Балдар чыгармачылык борборунда, жалпысы 10 мекемеде баштапкы өз ара жардамдашуу тобу түзүлүп иш жүргүзүп келет. Кайсыл мекемедеги жаш мугалимдер кандай усулдук жардамга же педагогикалык тажрыйбага муктаж болсо, шаардык метод каананын башчысы Темиржан Каюмова менен биргеликте маселени ордунда талкуулап, жардам көрсөтүп келебиз. Ал эми олуттуу маселелер болгондо шаардык Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исманов өзү баш болуп жардам көрсөтүп, иш жүргүзүп келебиз. Өз ишмердүүлүгүбүздү уюштурууда новатор мугалим, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун «Устаттык Өнөрү» «Өзүн өзү тарбиялоо-асыл инсандык сапат» китептерин негиз кылып алганбыз. Баса, жаш мугалимдер кээ бир теманы толук жеткире албай кыйналган учурларда Гапыр Мадаминовдун АЭМ (акыл эмгегинин маданияты) китебинде берилген ыкмаларды колдонуу менен сабактын максатына жетүү жолдорун үйрөтөбүз. Биринчи жарым жылдык боюнча жыйынтык канааттандырарлык. Ар бир мектептеги жана балдар чыгармачылык борборундагы жаш мугалимдердин өз ара жардамдашуу топторунун жетектеген мугалимдер жеткиликтүү маалымат берди. Белгилей кетсем жыйын учурунда жаш мугалимдерге дебат өнөрүн үйрөтүү боюнча сунуш түштү. Бул сунушту экинчи жарым жылдыктагы иш планыбызга кошумча катары киргиздик»- деп маалымат берди.
Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулкаана башчысы Темиржан Каюмова: «Алгач уюштуруу иштеринде кыйынчылыктар болду. Ошондо жаш мугалимдер мектебинин жетекчиси Бакытбек Сапаркулов, жаш мугалимдер ар бир жыйындан, ар бир иш- чарадан өзүнө пайдалууну алганда гана ишти системага сала алабыз деп, ар бир иш- чара учурунда АЭМ боюнча мастер-класстарды өтүп жүрдү. Мына жыйынтыгында иш чара башталганга чейин эле жаш мугалимдер дептер ручкалары менен чогулуп калып жатат. Албетте, алар бизден өтө көп нерсени күтүүдө, биргелешип иштесек алардын үмүтүн актай алабыз деп ишенемин. Жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттырууну билим берүү бөлүмүнүн башчысы А. Исманов негизги багыттардын бири катары жеке көзөмөл кылат»- деп маалымат берди.
Жаш мугалимдердин мектебинин катышуучусу, №8-орто мектебинин мугалими Эльмира Мажитова:»Жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу мектебине катыша баштаганыбыздан баштап, өзгөчө Гапыр Мадаминов Агай өзү келип сабак өтүп бергенден кийин биз жаш мугалимдер, чынын айтсам аябай таасирлендик. Бири бирибизди тарбиялай баштадык десем болот. Эң негизгиси Агайдын «Устаттык Өнөрү» китебинде берилгендерди ишке ашырууга аракет кылып жатабыз. Чындыгында эле жаш мугалимдердин чеберчилигин арттыруу мектеби биз үчүн өтө зарыл экен, анткени жогорку окуу жайда алган теориялык билимибиз менен чыныгы практикада айырма чоң болуп жатат»- деп маалымат берди.
Даярдаган: Барчынай Алимова