Абылгазиев: Кылмышкерлер катаал жазага тартылышы керек

55

Өткөн аптада эки аял күйөөлөрүнүн колунан каза тапты. Буга улай эле, 5 күн мурда дагы бир үрөйдү учурган окуя катталды. Анда, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 33 жаштагы аялга күйөөсү бензин чачып өрт койгону айтылды. Мындай окуяларга карата коомчулукта кызуу пикирлер жаралып, зордук-зомбулукка каршы чакырыктар айтылды. Бүгүн өкмөт башчы кылмышкерлер катаал жазага тартылышы керек деп билдирди.