Дүйнөлүк олимпиаданын катышуучулары Президенттик балатыга барышты

Ак-Талаа районундагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары Каным Керимбекова, Жанбике Шерипбекова, Акбар Шерипбеков жана Ерхан Токтобеков  борборубузда өткөн Президенттик балатыга катышып келишти.

Каным Керимбекованын айтымында Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда  өткөн Президенттик балатыга республиканын ар тарабынан окууда жана спортто, коомдук иштерде ийгилик жараткан окуучулар   жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары барышкан. Окуучуларга Жаңы жылдык жомок тартууланып, концерттик программа көрсөтүлдү. Майрамдык балатынын соңунда окуучуларга ар кандай белектер тапшырылды. Мындан сырткары, окуучулар маданий жайларда экскурсияда болушту.

Эске салсак,  Каным Керимбекова, Жанбике Шерипбекова, Акбар Шерипбеков жана Ерхан Токтобеков үстүбүздөгү жылы Малайзияда өткөн менталдык арифметика  боюнча дүйнөлүк олимпиадагы катышып келишкен.

Даярдаган: Айдана Карыбекова