Акталаада китеп сүйүүчүлөр сыйланды

Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Эржан Жумабек уулу «Ак-Талаа биримдиги» коомдук бирикмесинин демөөрчүлүгү астында велосипед менен сыйланды.

Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепкана тармагынын директору Гулжаз Сулайманова:

«Эржан «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун негизинде келген китептерди даңазалоо максатында уюштурулган «Китеп-билим булагы» аттуу иш-чарага жигердүү катышкандыгы үчүн «Алдыңкы окурман» номинациясы ыйгарылды.

Ал эми балдардын билим борборунун эмгек жамааты  «Китеп бизди бириктирет» эстафетасына катышып, китепкананын атайын сыйлыгына ээ болушту.

Даярдаган:  Наргиза Рысбекова