«Аялдар өзгөртүүнү алып келет»

570

Элеттик айымдардын жергиликтүү кеңештерге жана маанилүү чечимдерди чыгаруучу процесстерге катышуусу маанилүү. Анткени, айыл жергесинде маселелердин дыкат, майда- чүйдөсүнө чейин каралып, айылдын өнүгүүсү үчүн аялдардын үнү жетишсиз болуп жаткандыгын Суусамыр айыл аймагынын активист айымдары талкуулашты.

«Аялдар өзгөртүүнү алып келет» аттуу улуттук кампаниянын алкагында Суусамыр айылында тегерек стол жана түз эфирде радиоуктуруу болду. Кампанияны «ДИА» коомдук фонду демилгелеп колдоого алган. Уюштуруучу жана Кыргызстан Лидер айымдар түйүнүнүн мучөсү Кыял Тилебалдиеванын айтымында аялдар маанилүү чечим кабыл алуу процесстерге катышуусу абдан зарыл. Элеттик айымдар активдешип, бири- бирин колдоого алып, келе жаткан жергиликтүү кеңешке шайлоого талапкерлигин коюп, өтүшүн максат кылып мындай иш-чараларды аймактарда жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.

Тегерек столдун жүрүшүндө жаңы кабыл алынган жергиликтүү кеңештерде айымдарга 30 пайыздык резервдөө мыйзамы боюнча кеңири маалымат берилип, талкуу жүрдү. Катышуучулар элеттик айымдардын коомдук иштерге көп чыга албай калышынын бирден- бир себеби, калыптанып калган стереотиптер, аялдардын бири-бирин колдоосунун жоктугу деп белгилешти.

Суусамыр ФМ жамааттык радиосунда түз эфирде активист айымдар жана Кыял Тилебалдиева жалпы угуучуларга аялдар кантип өзгөртүүнү алып келе алат деген теманын үстүндө талкуу жүргүзүштү.

 

Жыйынтыгында, ар бир айылдан лидер айымдар шайланып, мындан ары лидер айымдардын коп болушу үчүн алдыга пландарды да талкуулап, ай сайын жолугушууларды уюштурууну чечишти.

Даярдаган: Айзада Калканбекова