Аялдарга карата зордук-зомбулук

147

25-ноябрь — аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү. Буга карата Кыргызстанда 16 күндүк акция башталып, Суусамыр өрөөнүндө элеттен чыккан алдыңкы аялдар жана үй-бүлөодөгү кыз-келиндердин орду тууралуу видео тасмалар көрсөтүлдү.

Негизинен Кыргызстанда жылына 12 миңден ашуун адам үй бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылат. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча зомбулукка кабылгандардын 95% аялдар. Атап айтканда, кызыл камчы жолдошунан таяк жеп көзү-башы көгөрүп жүргөн аялдар миңдеп саналат. Бирок анын баары эле ачыкка чыга берүүдөн тартынат.Канчалык иштер жасалып, аракет кылынган менен, мунун тамыры өтө терең болгондуктан көйгөй чечилбей келет. Маселе тууралуу “Аялдарды коргоо” борборунун директору Бакен Досалиеванын оюн уктук:

“Ооба маселени чечүү үчүн көп эле иштер жасалып жатат. Буга өлкөнүн экономикалык абалы себеп. Калктын билимсиздиги, жумушсуздук, бири бирин баалабастык, тышкы миграция, үй-бүлөөдөгү  уруш-талаш, тарбиянын  жоктугу сыяктуу маселелерден аял-эркек арасында уруш болуп, эркектер болгон күчүн арактан чыгарып, аялга зыян келтирет.”

Өлкөдө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы мыйзам 2003-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, жогорку жаза — аялга зордук-зомбулук көрсөткөн эркек беш жылга эркинен ажыратылат. Бирок бир да эркек мындай жаза менен жоопко тартыла элек дешет байкоочулар. Мунун эң башкы себеби, аялдар ачуусу келип турган чакта арыз жазып, кайра бир-эки күндөн кийин арызын алып коюшат. Экинчиден, аялдар арыз менен кайрылган чакта да укук коргоо органдары тарабынан бул маселе аягына чейин чыгарылбай калган учурлар бар. Дал ушул суроого Суусамыр милиция бөлүмүнүн башчысы Талгарт Жээнтай уулу мындай жооп берди:

“Азыркы күндө Суусамыр жергесинде зордук-зомбулукка кабылган 3 үй-бүлөө профилактикалык каттоодо турат. Жабырлануучу өзү уялганына же күйөөсүнөн корконунан  кайрылбаган учурлар көп болот, бул учурда кошунасы же башка адамдардан бизге маалымат түшөт. Биз социалдык кызматкер менен биргеликте үйүнө барып, тиешелүү чараларды көрөбүз.”

Байкоочулардын айтымында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук шаар жерине караганда айыл жерлеринде абдан басымдуу. Жада калса айыл жеринде аялга ырайымсыз мамиле жасоо нормалдуу эле көрүнүш катары каралган учурлар арбын. Андыктан элеттик аялдардын көпчүлүгү өз укуктарын коргоодо жардамга муктаж. Бирок айыл тургуну Сапарбек Рыспеков  үй-бүлөөдө аял-эркек укугу бирдей болуш керек дейт:

“Биз бардык келиндерге, аялдарга бирдей мамиле кылып, басмырлабашыбыз керек. Мисалы келиндерди бөлүп, алар оокат кылыш керек дебей жакшы мамиле кылсак ал келин да жакшы адам болсо өзүнүн ишин айттырбай эле так жасайт.   ”

Маселенин дагы бир чечүү жолу адамды мектеп курактан тартып аял-эркек укугу, айымдарды сыйлоо тууралуу тушүндүрүү иштерин жасаш керек дейт мектеп мугалими Жийде Кулуева:

“Эгер үй-бүлөөдө ата эне урушуп жатса аны көрүп турган баланын да психологиясы бузулат. Кийин ал ошол эле нерсени өзүнүн үй-бүлөөсүнө кайталайт.  Ошондуктан тарбия башаты-дасторкон дегендей  балага жаштайынан тартып мектепте түшүндүрүү иштери жасалып жана үй-бүлөөдө туура тарбия болушу керек деп ойлойм.”

Ошентип, Кыргызстанда аял укугун билиши керек, ал коргоого муктаж деген сыяктуу пикирлер жаап жаткан чакта, казан-аяк кагышат деп, уруш-талаштарды нормалдуу көрүнүш катары баалагандардын катары дале болсо калың.  Андыктан калктын аярлуу катмары каралган айымдарды сыйлап, ар бирибиз өлкөнүн келечеги жана өзүбүз үчүн туура жыйынтыкка келели.

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы.