Туура- Суу 1 айылында комуз ансамбли ишин баштады

122

 

Комуз бул илгертеден бери келе жаткан кыргыздын улуу музыкалык аспабы. Кийинки муундар дагы комуз чертип өз урпактарына өткөрүп берүүсү абзел. Мына ушул максатта Ысык-Көл облусунун Тоӊ районуна караштуу Туура-Суу 1 айылында комуз ансамбли түзүлдү.

Комуз ансамблинин машыктыруучусу Арпачиев Талант комуз ансамбли жөнүндө төмөнкүлөргө токтолду:

«Комуз ансамблинде 3-4 топ бар, жаш өзгөчөлүктөр боюнча. 8-класс жана 7-класс бир ансамбль. 6-класс өзүнчө группа. 5-класс менен 4-класс дагы бир группа болуп түзүлдү. Ал эми 3-классты жаӊы группа кылып түзүп жатам. Жалпы комузчулардын саны 30га жетип калды.

Деӊгээлдери абдан жакшы десем болот. Себеби бардык балдар комузга шыктуу. Биринчи «Кербезим» күүсү, андан соӊ «Чоӊ кербез», «Жаштар маршы», «Жаштар маршы-2» күүлөрүн тез үйрөнүштү. Азыр болсо «Маш ботой» күүсүн үйрөнүп калышты. Ушул келерки жазында «Маш ботой» күүсүн конкурска алып чыгабыз деген үмүтүбүз чоӊ.

Бул үйрөнгөнгө чейин конкурстарга бара элекпиз. Себеби балдар концерттерге чыга элек. Ал үчүн көптөгөн концерт, кароо, конкурстарга барыш керек. Эч жакка барбай туруп, конкурстарга барганда тартынышып,сүрдөшөт. Бирок мектеп ичиндеги концерттерге, маданий иш-чараларга, мектепте болгон семинарларда келген конокторго ар кандай күүлөрдө ойноп беришет. Буюрса быйыл алып барам.

Келечекте чоӊ фольклор топ түзөйүн деген оюм бар. Ооз комузчулар ансамблин өзүнчө, комузчулар ансамблин өзүнчө кылып чоӊ группа түзөйүн деп жатам».

Комуз ансамблинин мүчөсү Беккулу кызы Айжан келечекте дагы чоӊ комузчу болгусу келерин айтып, комуз ансамбли жөнүндөгү оюн биз менен бөлүштү:

«Менин хоббим бул комуз чертүү. Үйрөнүп жатканыма быйыл экинчи жыл. Биздин машыктыруучубуз Арпачиев Талант агай. Эӊ биринчи үйрөнгөн күүбүз «Кербезим», андан кийин «Жаштар маршы», «Чоӊ кербез» күүлөрү. Азыркы учурда «Маш ботой» чоӊ күүсүн үйрөнүп жатабыз.

Мен келечегим үчүн комуз чертүүнү токтотпойм. Мектепти бүткөндөн кийин чоӊ университеттерден музыка боюнча билим алып, мыкты залкар комузчу болсом деген максатым бар. Бул максатка жетүу үчүн азыртан баштап комузду таштабай чертүум керек экендигин жакшы билем. Ошол себептен мен азыр бир күндө жок дегенде бир күу үйрөнүүгө аракет кылам. Бир гана комуз ансамблине кирген окуучулар комуз чертүүнү үйрөнбөстөн бардык кыргыз баласы комуз чертүүнү билиш керек деп ойлойм. Бул менин жекече оюм кыргыздар кызыкпаган комузга башка улуттун элдери кызыгышып комуз чертүүнү үйрөнгүсү келишет. Менин айтарым комуз чертүүнү ар бир кыргыз баласы билиш керек».

Даярдаган: Нурбек кызы Айназик