Зордук- зомбулукка кабылган аялдар арыз жазуудан баш тарткан учурлар көп

Кызыл-Булак мульти медиа борборунда «Зордук зомбулукка каршы 16 күндүк акциянын» жүрүшү тууралуу түз эфир уктуруу болуп өттү.

Түз эфир уктурууга Кулатов айыл өкмөтүнүн төрайымы Чодонова Өктөм, Кулатов айыл өкмөтүнүн соц адиси Туленбаева Чолпонай, Т. Айбашев орто мектебинин соц педагогу Кожоева Асылкан катышышты. Зордук- зомбулукка каршы 16 күндүк акциянын жүрүшүндө аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Айыл өкмөттүн соц адиси жылдык иш планында зордук- зомбулукка каршы 16 күндүн акциянын негизинде иш чара кабыл алып, иш жүргүзүп жаткандыгын айтты. Айыл аймагындагы калк арасында зордук зомбулуктун бир нече түрлөрү жөнүндө кайрылуулар жасалып, алардын үстүндө иштер жүргүзүлгөн, бирок зордук- зомбулукка кабылган аялдар арыз жазуудан баш тарткан учурлар бар деп белгиледи. Аялдар кеңешинин төрайымы Чодонова Өктөм арыз жазуудан баш тарткан аялдардын бир нече себептерин санап өттү. Мектептерде зордук зомбулукка каршы жыл ичинде бир нече жолу иш чаралар өткөрүүлөрү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн соц педагог Кожоева Асылкан айтып өттү. Жыйынтык сөздү Чодонова Өктөм эфир уктуруусунун уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирди.

Даярдаган: Жалалова Таңнуру