Суусамырда зордук-зомбулукка каршы күрөшүү акциясы өттү

349

Суусамыр айылында 16 күндүк Гендердик теңсиздикке жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүү кампаниясынын алкагында эки күндүк иш-чара өткөрүлдү.

Иш- чаранын биринчи бөлүгүндө элеттен чыккан алдыңкы аялдар жана кыздар, аялдын күчтүүлүгүн, кайнене келин мамилесин чагылдырган видеотасмалар көрсөтүлдү. Видеотасманын бири “Катчахан”, мында кайнене менен келиндин ортосундагы сый мамиле, кайнененин акылмандыгы, келиндин ийкемдүүлүгү чагылдырылган. Видеотасманын акырында тургундар менен биргеликте талкуу болуп, ойлору угулду.

Андан тышкары, ала качуу, зордук-зомбулук, кыздарга сак болуу боюнча кеп-кеңештерди камтыган таркатма маалыматтар таратылып, «Туура чогултуңуз» аттуу интерактивдик оюну көрсөтүлдү. Бул оюндун максаты, карточкада берилген кыймыл-аракеттерге алдын-ала даярдалган сүрөттөрдү ирээти менен коюп чыгуу, жана никеге туруунун алдында нике күбөлүгүн алуу керек экендигин белгилөө. Таркатма материалдар «Айкын багыт» коомдук фондунан алынды.

 

Эки күндүк иш-чаранын экинчи бөлүгү Суусамыр FM радиосунда “Аялдарга карата көрсөтүлгөн зордук зомбулук” темасында түз эфир менен уланды.

Студияда Суусамыр милиция бөлүмүнүн башчысы Жээнтай уулу Талгарт жана Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинин мугалими Кулуева Жийде конокто болуп, Суусамырдагы абал, зордук-зомбулукту алдын алуу, күрөшүү, себептери тууралуу сөз болду.

Бул иш-чара Жамааттык ЖМКлардын  Бирлиги тарабынан ишке ашырылып жана БУУнун Демократиялык Фонду тарабынан каржыланган «Гендердик теңчиликти Жамааттык ЖМКлар аркылуу жайылтуу долбоорунун» алкагында ишке ашырылды.

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы