Ак-Талаада “Биз силер менен биргебиз” аттуу иш-чара болуп өттү

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында 3-декабрь ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо жана коргоо күнүнө карата иш-чара болуп, ага райондун аймагына чектеш айылдардагы аталган категориядагы жарандар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери катышты.

Ак-Талаа районуну акими Сейтек Кулубаев: “Биз ар дайым сиздердин жаныңыздардабыз жана жардам берүүгө даярбыз. Биздин көңүл буруубуз бир күн менен эле бүтүп калбайт.  Сиздер жалгыз эмессиздер”,- деди.

Ал эми Ак-Талаа райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Жеңишбек МамбетказиевДин айтымында учурда райондун аймагында жалпы 1100дөн ашык ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Булар категорияга жараша ай сайын социалдык пособия алышат. Мунун ичинен кишиге багууга муктаж 41 баланын энелерине 4900 сомдон эмгек акы төлөнөт. “Биз дайыма жардам берүүгө колдоо көрсөтүүгө милдеттүүбүз жана аракеттенебиз”,- дейт Мамбетказиев.

Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Талант Турусбеков да айыл деңгээлинде көрсөтүлүп жаткан жардамдар тууралуу кошумчалады.

Андан соң райадминистрация жана мекеме жетекчилеринин демөөрчүлүгү менен  мүмкүнчүлүгү чектелген 180 жаранга акчалай белектерди беришти. Ошондой эле эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан 2 коляска тапшырылган.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Кенже Карагулованын айтымында ар бир айылда мекеме жетекчилерден кураторлор бар. Алар алыскы айылдардагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга арналган иш-чараларга катышып, жеринде даректүү белектерди, жардамдарды беришүүдө.

 

Иш-чара райондук маданият үйүнүн жана балдардын концерттик программасы менен коштолду.

Даярдаган: Барчын Мамытбекова