Орундалган кыял-жаркын келечек

128

Заман өнүккөн сайын ар түрдүү кесиптин да түрлөрү көбөйө баштады. Бүгүнкү күндө коомчулукта, аялга же эркекке гана тиешелүү кесип деген стереотиптер калыптанып калган.

Дал ушундай стереотиптердин айынан уул баланын өзүнө жаккан кесибин тандоосунда көпчүлүк ата-энелер ал аялдын кесиби, кыздын жумушу деп каршы чыгып, баланын келечегине бут тоскон жагдайлар катталат. Мисалга алсак, модель болуу, дизайнер, чач тарач, тикмечи ж.б. Баланы колдоонун ордуна жада калса айылда калып мал чарбачылык менен алектен деген шарт койгон учурлар аз эмес.

Жыйынтыгында, бала ата-энесинин сөзүн угуп, өзүнө жакпаган кесиптин ээси болуп, же таптакыр кесипке ээ болбой калышы мүмкүн. Алардын кыял-максаты ошол бойдон кала берет.
Каарманыбыз Алмазбек Бийсеев Суусамыр өрөөнүндө, үй бүлөлүк дарыгерлер тобунда тиш дарыгери кызматын алып барат. Бала кезинде кыялданган кесиптин ээси болуп, бүгүн минтип кесибин суйүп иштейт:

“Мен бала кезден дарыгерлик кесипти кыялданып, мектепти аяктаганда Кара-Балта медициналык колледжинин тиш доктур бөлүмүнө тапшырып, 2013- жылы аяктагам. Кайра билимимди дагы өркүндөтүү максатында КРСУ университетинде магистратура, андан кийин Кыргыз Медициналык академиясында ординатура бөлүмүн аяктадым. Бул менин кыялымдагы кесипке ата-энемдин колдоосунда жеттим десем болот. Аларга менин оюмду колдогондугу үчүн рахмат айтам. Эгер мен тикмечи сыяктуу башка кесиптерди тандасам деле ата-энем мени баари бир колдошорун билем.”
Айтылып жаткан көйгөй тууралуу “Балдарды коргоо борборунун” социалдык кызматкери Айнура Эмирканова буларды айтты:

“Ата-эне өзүнүн каалоосун, кызыкчылыгын таңуулай бербестен тескерисинче, ар бир баланын кыялы менен эсептешип, ошол максатка жетүү үчүн кандай аракет керек экенин айтып, жол көрсөтүп, мүмкүнчүлүк берсе жакшы болот. Ар бир бала өзүнө жаккан нерсени гана кыялданат, демек ал ошондон ырахат алат, сыймыктанат. Анан ал кыялга жеткенден кийин сөзсүз түрдө үзүрүн көрөт. Жумушубузга байланыштуу, балдар, ата-энелер менен иштешебиз, анан ошонун ичинде ата-энелер үчүн атайын балдарды гендердик ыкма менен даярдоо деген сабагыбыз бар. Ошол жерде да жогорудагыдай маселе козголуп, баланы кыз эркек деп бөлбөстөн бирдей мамиле кылып, келечегине шарт түзүп бергиле деп айтылат.”
Алмазбек Суусамыр өрөөнүндөгү Тунук орто мектебин аяктаган. Апасы Гульмира Табалдиеванын айтымында Алмазбектин чоң атасы, таяталары да көп жылдар бою дарыгерлик кесипти аркалашкан. Баласы да алардын жолун жолдоп, бүгүнкү күндө өз кесибин сүйүп иштеген кызматкер дейт:

“Менин оюмча ата-эне баланы өстүрүп гана койбостон, келечекте жакшы адам болушуна, жөндөм-шык, кыялына жараша шарт түзүп берүү жана ар дайым колдоп туруу керек. Мен уулумдун бул кесипте иштеп жатканына каршы эмесмин. Колдон келишинче колдоп, жол көрсөтүп турганга аракет кылам. Ата- эне бала үчүн тандап берген кесипти кийин өздөштүрө албай таштап коюшу мүмкүн. Ошондуктан, ата-эне баланын эмнеге шыктуу экендигин байкап, колдоо көрсөтсө деп айтат элем.”

Дагы бир айыл тургуну Мырзакмат Кожоналиев кесипти кыз эркек деп бөлбөш керек деген ойдо:

“Окуудан, билим алуудан эч качан качпаш керек. Илгери ооба, эркек балдардын жумушу оор кесиптер эле.Бирок азыр көрүп жатабыз, биздин балдар деле иштеп жатышат, ошол эле тамак жасоо же кийим тигүүчү цехте. Кесипти кыздыкы же эркектики деп бөлбөш керек. Кыялындагы кесипти аркалап, берилип иштесе келечек жашоосу жакшы болот.”

Кандай гана болбосун өлкөнүн жана ар бир баланын жаркын келечеги үчүн анын каалоосуна бут тоспой, тескерисинче жол көрсөтүп өлкөбүздө билимдүү, өз ишин сүйгөн адистерди көбөйтөлү.

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы