Окуучулар арасында спорттук мелдеш өттү

Ш.Бейшеналиев атынданы орто мектебинде «Биз СПИДге каршыбыз» аттуу окуучулар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү.

Ага мектептеги 9-11-классынын окуучулары катышты. Мектептин тарбия жана класстан тышкаркы иштерин уюштуруучусу Жыпаркүл Кубатбекова: «Оюнуңарга ийгилик. Ден соолугуңарды чыңдап жана бош убактыңарды пайдалуу өткөрүүгө аракет кылгыла. Ден соолук табылгыс байлык»,- деди.

Оюндун жүрүшүндө окуучулар ар бир өз классынын намысын коргоого аракет кылышып, жакшы оюн көрсөтүштү. Мелдешке дене тарбия мугалими Гүлжаз Капарбекова калыстык кылды. Жалпы кыздардын 6 командасы, эркек балдардын 9 команда катышты. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан грамоталар берилди.

Даярдаган: Наргиза Ырысбекова