Окуучулар арасындагы кино сынак жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмери Т. Усубалиевдин 100 жылдыгына карата жер-жерлерде ар кандай иш чаралар ɵтʏп жаткандыгы баарыбызга маалым. Анын ичинен билим берʏʏ мекемелеринде да ар кандай сынактар, кечелер, ачык сабактар жана башка ар кандай иш чаралар ɵтʏʏдɵ.

Чыгаан инсандын 100 жылдыгына карата Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин директору Мурзалымбекова Венера жана мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучу Дɵɵлɵтбеков Азаматтын демилгеси менен аталган мектептин 8-9-10-11 класстар арасында Т.Усубалиевдин ɵмʏр жолу, жасаган эмгектери тууралуу кино сынак жарыяланып, калыстар тобунун чечими менен жеңʏʏчʏлɵр аныкталды.

I орунду-10 “а” класс, II орун- 10 “б” жана 11 “а” класстары , III орун- 8 “в” ээ болушту. Андан тышкары “Мыкты кино”, “Мыкты роль”, “Мыкты актер”, “Мыкты актриса”, “Мыкты режиссер” жана “Мыкты эпизоддук каарман” номинациялары ыйгарылды.

Бул сынактын негизги максаты окуучуларды мамлекеттик белгилʏʏ ишмердин ɵрнɵк ɵмʏрʏ аркылуу патриот болууга, эли-жерине кызмат кылууга тарбиялоо жана бош убактыларын туура пайдалануу максатында ɵткɵрʏлдʏ.

 

 

Даярдаган: Жумакадырова Мɵɵркан