Мектепте санариптештирүү жылына карата жаңылануулар болду

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде 2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата бир нече өзгөрүүлөр болду. Атап айтканда, «МЕРСИКО» уюму тарабынан колдоо көрсөтүлүп, ашканага ысык суу, муздак суу киргизилип, сууну фильтрлеп тазалоочу аппарат алынып берилди жана ысык тамакка керек болуучу азык — түлүктөр берилди. Мындай колдоону «МЕРСИКО» уюму 2019-2020-жылдарга көрсөтө турган болду.

Мектептин директору Гүлзат Сапарбек кызынын айтуусунда: «Бул уюм негизинен 500 миң сомдук жардам берди. Шкафтын түрлөрүн, идиш жуугучтар, казандар жана ун, май, буурчак, күрүч, бир жылдык азык- түлүк менен камсыз кылынды. Мындан тышкары, мектепте электрондук китепкана ачылды. Мында төрт жүз жыйырма аталыштагы китептерди окуучулар атайын сайтка кирип, окуп үйрөнүп жатышат. Мектептин жети класстык бөлмөсү интернет менен камсыз болду. Жакынкы арада камералар коюлуп, электрондук күндөлүк ишке кириши күтүлүүдө. Ошентип, окуучулардын билимин жогорулатууга бул өзгөрүүлөр чоң жардам берет деп ойлойм»,-деп билдирди.

Мектептин китепканачы мугалими Айгүл Алтыбаеванын айтымында: «Китепканага кирген ар бир окуучу сайтка кирип өзүнүн каалаган китебинен өзүнө керектүү маалыматтарды алса болот жана кичинекей окуучулар колонкадан ар түрдүү жомокторду угуп, түшүнүгү боюнча каармандардын сүрөттөрүн тартышат. Муну менен окуучулардын билим деңгээлинин аң-сезимин өсүшүнө түрткү болот»,-деди.

Мектеп окуучусу Мырзайым Эрматованын айтымында: «Биздин мектепте ар бир класстарга интернеттер коюлуп, китепканабызда электрондук окуулардын ачылышы биз үчүн өтө чоң кубаныч болду. Биз булар аркылуу өзүбүзгө керек болгон маалыматтарды ала алабыз деген ойдомун», -деди.

Даярдаган: Тинатин Коңурбаева