Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата кече болуп ɵттʏ

Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде чыгаан мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата “Мен ɵз ɵлкɵм, ɵз элим ʏчʏн эмгектендим” аталышындагы кече болуп ɵттʏ.

Аталган кече жаш балдарга чыгаан инсандын сапаттарынан ʏлгʏ алуу, эскерʏʏ жана эмгегин даңазалоо максатында уюштурулуп, 3-класстын окуучулары тарабынан даярдалган чакан сценка коюлуп, Усубалиев жɵнʏндɵ видеороликтер жана видеопрезентациялар кɵрсɵтʏлʏп, ишмердʏʏлʏгʏ жɵнʏндɵ кенен маалымат берилди.

 

Кечени жыйынтыктап жатып, башталгыч класстардын тарбиялык иштери боюнча директордун орун басары Нурзат Молдакунова окуучуларды Турдакун Усубалиевдей билимдʏʏ, жɵнɵкɵй, ишмердʏʏлʏгʏ менен айырмаланган, адамдык да, жетекчилик да сапаттары жогору болгон инсандардан болуусуна чакырып ɵттʏ.

 

Даярдаган: Жумакадырова Мɵɵркан