Аялдар өзгөртүүнү алып келет

110

Суусамыр айылында аялдардын саясатка катышуусун жогорулатуу үчүн тренинг болуп өттү. Иш- чараны Кыргызстан Лидер Улуттук Түйүнү өткөрдү.

Бул семинарга Суусамыр өрөөнүндөгү ар кандай иштерге активдүү катышкан айымдар келип, катышышты. Тренер, айымдарга түрткү берип, аларды жакшы жакка үндөп кеткен Кыял Тилебалдиева тренингдин башкы максаттары менен тааныштырып өттү:


«Аялдар өзгөртүүнү алып келет» деген темада атайын лидер аялдардын лидерлик билим деңгээлин жогорулатып, «Эдвокаси» боюнча көптөгөн суроолор болуп, аялдардын бийликке келүүдөгү маселелери боюнча, маалымат компаниялары ж.б көптөгөн темалар камтылып өтүлдү.

Бүгүнкү тренингде Суусамыр айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү кеңешке барам деген лидер айымдар келип, мындан ары айылдагы маселелерди чечүүнү жакшыртууга аялдар кандай салымын кошуп, иштерди кыла алгандыгы тууралуу болду. Бүгүн лидерликти өткөн айымдар, эртеңки күнү өздөрү да мына ушундай лидерликтерди топтосо деген максатыбыз бар. Ошону менен бирге бардык аялдардын активдүүлүгүн жылдыруу, коомчулуктагы болгон ордун алып келүү биздин башкы максатыбыз!»

Тренингдин катышуучусу Чынара Байгазиева бул тренинг айымдар үчүн эң пайдалуу деген оюн билдирди:


«Биз бүгүнкү тренингден көптөгөн жаңы нерселерди үйрөндүк. Мисалга алсак: аялдардын милдеттери, укуктарын, ошондой эле аялзаты да мыкты бир лидер болууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин түшүндүк.»


Аялдар үйдө маанилүү жумуш жасашат жана саясатта да мыкты эмгектене алышат.

Даярдаган: Назима Акишбекова