Кулатов айыл аймагында мугалимдердин укуктары жана милдеттери талкууланды

Кулатов айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак мультимедиа борбору тарабынан «Демократия сааты» түз эфир радио уктуруусу болуп өттү. Конокто Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу усулдук каанасынын усулчусу Ташболотов Шакир жана Т.Айбашев атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Жусупова Паридалар болушту. Эфирде мугалимдердин кесиптик ишмердүүлүгүндөгү укуктары жана милдеттери жөнүндө ой бөлүштү.

Шакир Ташболотов мугалимдердин кесиптик ишмердүүлүгүндөгү мыйзамда көрсөтүлгөндөй эле улутуна, тилине, дилине, социалдык жашоо абалына карабай педагог болууга бирдей укукка ээ жана ошол эле учурда билим берүүнүн стандарттарына ылайык андан кем болбогон даражада балдарга билим берүүсүнө, балдарды маралдык, социалдык жактан кемсинтпей билим берүүгө милдеттүү экендигин айтып өттү. Андан сырткары 5 жылда бир жолу билимин жогорулатуу үчун беш жылда бир жолу аттестациядан өтүүгө укуктуу. Мугалим ар тараптуу болуу үчүн күн сайын өзүнүн үстүнөн иштеп, изденүүсү зарыл экендигин белгиледи.

Жусупова Парида мугалимдердин кадыр баркы жөнүндө айтып өттү. Ар бир мугалим кадыр баркка ээ болуу үчүн өзү окуткан окуучуларынан билим деңгээли, дүйнө таанымы, ааламдын жаңылануу жолунда жогору болууусу керек. Себеби, технология өнүккөн учурда мугалимдердин компьютердик техникалык билимин төмөн болушу мугалимдердин кадыр баркынын төмөндөшүнө алып келет.

Мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатуу максатында райондук билим берүү бөлүмү тарабынан кыйла иштер болуп жатат. Жаш, чыгармачыл мугалимдер окутуу колго алынган. Атайын конкурстардын жоболору иштеп чыгылып, анын жыйынтыгында татыктуу мугалимдерди сыйлап, стимул берүүгө аракет кылып жатабыз деп билдирди Шакир мырза. Райондун билим берүү бөлүмү 2018-2019-окуу жылында бир нече ийгиликтерге жетишип, Ош облусундагы райондордун ичинен 1-орунга татыгандыгы жөнүндө маалымат менен бөлүштү.

Даярдаган: Жалалова Таңнуру