«Зордук-зомбулукка каршы тегерек стол башка айылдарга да өткөрүлүшү зарыл»

Кулатов айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Булак мультимедиа борбору тарабынан уюштурулган «Аялдарга, кыздарга карата болгон зордук-зомбулук жана гендердик теңсиздикке каршы аракеттенебиз» деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго айыл өкмөттүн  апаратынан, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана коомдук активисттер катышышты.

 

 

Тегерек столдун катышуучулары үч маселе боюнча  талкуу жүргүзүштү. 1-маселе Гендердик зомбулука каршы күрөшүүдө КР мыйзамдарын окуп үйрөтүү.

2-маселе Жергиликтүү кеңештерде аялдарга берилүүчу 30% квотаны берүү жөнүндөгү мыйзамды окуп билүү.

3-маселе Жергиликтүү жамааттардын гендердик зомбулука каршы күрөшүүнүн биргелешкен планын иштеп чыгуу.

Иш-чаранын катышуучулары активдүүлүгүн көрсөтүп, Мыйзамдар жөнүндө толук таанышып, атайын даярдалган «Эрте никеге туруу», «Ала качуу» деген видеороликтерге күбө болушту. Каралган үч маселенин жыйынтыгын катышуучулар үч топко бөлүнүп, ушул тема иш план иштелип чыгып, иш пландарын презентация кылышты. Тегерек столдун катышуучуларынын арасынан Кулатов айыл өкмөтүнүн орун басары Данияр Көчкөнбаев эң актуалдуу темалар боюнча болгондугун белгилеп, ушул темада кеңири масштабда тегерек стол өтүп берүүсүн тегерек столдун уюштуруучусу Нурманова Чынарадан суранып кетти. Кабыл алынган иш планды айыл өкмөттүн иш планына кошуп аткарууну убада беришти.

Даярдаган: Матраимова Аиса, Жалалова Таңнуру