Кыргызстан токойлорду кантип коргой алат?

111

Кыргызстанда жашыл экономика жумалыгы башталды.  Ал “жашыл экономика – күчтүү аймактар, өлкөнүн туруктуу өнүгүшү” аталышындагы ураан менен өтүүдө. 5 жылдан бери белгиленип  келе жаткан жумалык бул жолу  11-17 ноябрь күндөрүнө туш келүүдө.

Ага карата республиканын ар тарабында 37 түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт. Алардын бир болуп, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги  жана  Германия эл аралык кызматташтык коому тарабынан өткөрүлгөн иш-чара болду. Аталган иш-чарада Кыргызстандын токой системасындагы өнүгүүлөр менен бирге көйгөйлөр айтылды.
Kyrgyzmedia.com окурманы катары сиз дагы бул иш-чарага катыша аласыз. “Кантип?” — десеңиз, алдыдагы маалыматты окуган соң, кыскача кызыктуу тесттен өтүңүз!

Даярдаган: Касиет Кубанычбек кызы