Суусамырда гендердик теңчиликке жетүү үчүн иш- пландар түзүлдү

120

Суусамыр айылдык кенешинин депутаттары, айыл өкмөт башчысы жана айылдын активдүү тургундары менен биргеликте гендердик теңчилик, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыкты.

«Аялдарга, кыздарга карата зордук- зомбулукка каршы аракеттебиз» аталышындагы тегерек столдун жүрүшүндө аялдар үчүн жергиликтүү кеңеште 30 пайыздык квота, үй- бүлөдөгү зомбулукка каршы коргоо ордери тууралуу түшүндүрүү иштери жасалды. Тегерек столду атайын тренер үчүн тренингден окуп келген активист айым Аида Медетбек кызы алып барды.

Арасында жергиликтүү кеңешке талапкерлигимди сөзсүз коем деген айымдар болду. Аларды жергликтүү мырзалар да колдоорун билдиришти.

Бул иш-чара Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги тарабынан ишке ашырылып жана БУУнун Демократиялык Фонду тарабынан колдоого алынган «Гендердик теңчиликти жамааттык ЖМКлар аркылуу жайылтуу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Мындай тегерек столдор Кыргызстандын 14 аймагында өткөрүлүүдө.

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы