Кызыл — Туу айылында зордук — зомбулукту жоюу боюнча иш чара өткөрүлдү

123

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл — Туу айылынын активдүу тургундарына жана жергиликтүу кеңештин депутаттарына гендердик теңчилик, зордук — зомбулукту алдын алуу туурасында тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун жүрүшүндө тренер, жабырлануучуга берилүүчү коргоо ордери жана шайлоодо жергиликтүу кеңештин депутаттыгына талапкер аялдар үчүн 30 % жеңилдик жөнүндө айтып берди. Катышуучулар билимдүү, активдүү талапкер айымдарды колдоорун билдиришти жана айыл аймагындагы гендердик теңчилик темасында иш планын иштеп чыгышты.

Эскерте кетсек, тегерек стол Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги тарабынан ишке ашып жаткан «Жамааттык ЖМКлар аркылуу гендердик теңчиликти жайылтуу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоор БУУнун Демократиялык Фонду тарабынан каржыланат.

Даярдаган: Нурматова Айсулуу