Тогуз-Тородо маданият күнү белгиленди

36

Сыдыков атындагы маданият үйүндө маданият кызматкерлеринин күнү белгиленип, Тогуз-Торо райондук администрациясынын өкүлдөрү,мекеме ишканалар, маданият кызматкерлери катышты.

Иш- чарада маданият кызматкерлери концерттик программа тартуулашты.

Мындан сырткары  маданият кызматкерлерин куттуктап, райондук администрациядан, маданият үйү тараптан куттуктоо сөздөр айтылып, сыйлыктар ыйгарылды.

Сары-Булуң айыл аймагынын маданият клубунун башчысы Бермет Султаналиевага райондук администрациясынын “Ардак грамотасы” жана райондук маданият үйүнүн диплому жана Сары-Булуң айылдык китепканачысы Анара Мааметова маданият үйүнүн “Ардак грамотасы” менен сыйланышты.

Бул туралуу Сары-Булуң аймагынын маданият клубунун башчысы Бермет Султаналиева билдирди

Даярдаган: Альбина Бейшеналиева