Акталаалык окуучу Голландиялык мектепке окууга барат

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Нурланбеков Нурбакыт 10-ноябрда Кыргызстандык дагы 4 окуучу менен бирге Голландиянын Алмира  шаарына 10 күнгө окууга жөнөп кетишет.

Окуучуларды Бишкек шаарындагы №5 гимназиянын мугалими жетектеп барат. Аларды Дальтон Елен Паркхерст мектебинин өкүлдөрү тосуп, алып Голландиялык окуучулардын үй-бүлөлөрүнө жайгаштырат. Голландиядагы бул эң жогорку рангадагы мектептен англис тилинде окуу менен бирге экологиялык ГЛОУБ программасынын алкагында илимий иштерди жүргүзүшөт. Окуучулардын тамак-ашы, экскурсия сыяктуу сабактан кийинки  эс алууларын кабыл алган үй-бүлө уюштурат. Шенмо Европа вице-президенти  Нурмира Жамангулованын маалыматына караганда Кыргызстан менен Голландиядагы эки мамлекеттик мектептин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлуп, анын натыйжасында ШЕНМО жана ГЛОУБ программаларынын алкагында окуучулардын мындай эл аралык тажрыйба алмашуусу ишке ашууда. Кыргызстандан барган окуучулар жергиликтүү окуучуларга Абакус Менталдык Математика үйрөтүшөт.

Ал эми Нурланбеков Нурбакыт эл аралык мындай окууга англис тили мугалими Мурзакулова Анара тарабынан көрсөтүлгөн.

Анара Мурзакулованын айтымында Нурбакыт мектепте  англис тили сабагын өзгөчө жакшы өздөштүргөн окуучу. Орус жана англис тилинде эркин сүйлөйт. Анын мындай жөндөмүн мугалимдин жана окуучунун аракеттеринин натыйжасы катары кароого болот. “Нурбакыттай билимдүү окуучуларым менен сыймыктанам”,- дейт А.Мурзакулова.

 

 

 

“Бул мен үчүн абдан сонун мүмкунчүлүк. Буга көмөктөшкөн бардык адамдарга чоң рахматымды айтамын. 2 жумалык окуудан көп нерселерди күтүп жатам”,- дейт.

 

 

 

 

Даярдаган:  Гүлбарчын Мамытбекова