Айылдык ден- соолук комитети дени сак жашоого үндөйт

Орок айыл өкмөтүнүн Айылдык ден- соолук комитетинин ураанынын астында спорттук мелдеш өттү.

Нурбаева Жанылкан- Жал айылдык ден соолук комитетинин төрайымы.     

“Биз Стутко Галина Петровна экөөбүз Жал айылында 2008-жылдан бери ден соолук комитетинин төрайымы болуп иштеп келатабыз. Айылдык ден- соолук комитетинин башкы милдетибиз ден-соолукту чындоо боюнча элге алдын ала маалымат берүү. Бүгүн Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын агай-эжейлери жана айылдын тургундарынан волейболдук команда тузуп Сокулукка барып жакшы оюн көрсөтүп келдик. Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Чоодуев Уранга чоң ырахмат бизге колдоо көрсөтүп, айылдын элинин ден- соолугуна кам көргөнүнө. Мектептин директору Динара Жолдошбековнага да ырахмат, себеби мугалимдер командасын түзүп бизге жардамдашканына. Биздин АДК командасы райондук волейбол мелдешинен 2-орунду алдык. Айылыбыздын жаштары спорт менен машыкса, ден соолуктары чың болот деп ойлойм. Мындан кийин да ушундай мелдештерге жаштар катышса, жакшы болот эле. Бүгүнкү спорт оюнуна катышкандын баарына дагы бир жолу чоң ыраазычылык билдирем”.

Баймурза Токтогулов Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын математик мугалими:

Бүгүн биз Сокулукта өткөрүлгөн ден- соолукту чыңдоо боюнча спорттук мелдешке катыштык. Оюнду Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык тармагы боюнча жетекчиси, акимдин орун басары Токтобүбү Жээнбаевна ачып иш чаранын максатын айтып, оюнчуларга ийгилик, ден соолук каалады. Себеби, азыркы учурда түрлүү оорулардын көбөйүшү, коомдо көйгөйдү алып келип жаткан учуру экенин белгиледи. Спорттук мелдешти Сокулук райондук айылдык ден- соолук комитеттери тарабынан уюшулганын билдик. Оюнга алты айыл өкмөтүнөн оюнчулар катышып, биз 2-орунду жеңип алдык. Бүгүнкү волейбол оюну ден- соолукту чыңдоого үндөгөн иш чара болду”,- деп өз оюн билдирди.

 

Нуркамал Табалдиева АДК мүчөсү:

“АДК комитетинин аркасынан  көптөгөн иштер, саамалыктар уюштурулуп, ден- соолугу боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүлүп келет. Бүгүнкү ден- соолукту чыңдоого арналган волейбол оюну мага абдан жакты. Команданын кызыкчылыгын коргоп ойногон ушунчалык бизге жакшы маанай тартуулады. Аба ырайы маанайыбызга тоскоол болгон жок. Волейбол ойнодук, кан чуркады дегендей, мындан ары да команда топтолгон бойдон оюнду улантып, “Атам ,апам жана мен” деген команда түзүлүп, үй бүлө менен дагы оюндарга катышсак аябай жакшы болмок. Ошондой эле мектеп директору Динара кызыбыздын жамаатына ырахмат айткым келет, мугалимдик оор жумуштарына карабастан, айылыбыздын коомдук иштерине активдүү катышкандарына. Ал эми мектебибиздин татынакай балдарыбыз бизди кубануу менен күтүп, маалымат алып, Орок айылынын тургундарына жайылталы деген ойлоруна жана аракеттерине ырахмат”,- деп оюн билдирди.

Ташбаева Чынара Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын биология мугалими:

“Ден- соолук комитети уюштурган волейбол оюнуна Орок айыл өкмөтүнүн атынан барып активдүү катышып келдик. Оюн абдан кызыктуу өттү. Оюндун ачылышында бүгүнкү күндө ден соолукту чыңдоо үчүн ар бирибиз өзүбүз кам көрүү экендиги иш- чаранын максатында так айтылды. Кан басымдын көтөрүлүшү жана ар кандай оорулардын көп болуусу адамдардын ден соолукка кам көрүүсүнүн, көңүл бөлүүсунүн аздыгында деп ойлойм. Спорт менен машыккан адамдарда оорулардын аздыгы өзү эле далилдеп турат. Мугалидик кесип да абдан оор кесип. Андыктан спорттук оюн менен машыгып туруу бизге да пайдалуу. Бүгүнкү оюнда баарыбыз ынтымакта, биримдикте волейбол оюнун ырахат алып ойнодук. Кыздар командасы 3- орунга ээ болдук. Ден соолукту чыңдоо үчүн уюштурган АДК комитетине жана бизди колдоп коштогон Орок айыл өкмөтүнүн жетекчилигине, мектеп директоруна ыраазычылык билдирем”,- деп айтып кетти.

Даярдаган:  Марлен Базаркулов, Султаналиева Динара