Ак-Талаа районунда жаш мугалимдердин биринчи слету болуп өттү

Бүгүн Ак-Талаа районунун Баетов айылында райондук билим берүү бөлүмүнүн  уюштуруусу менен жаш мугалимдердин “Жаш мугалимдердин жаркын кыялы” аттуу слету болду. Ага райондун аймагындагы мектептерде эмгектенген жаш мугалимдер, тарбиячылар, райондун акими Сейтек Кулубаев жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев жана кызматкерлери катышты.

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К. Эсеналиев:

“Учурда район боюнча 832 мугалим жаш муундарга билим тарбия берип эмгектенип жатышса, анын 62 %  жаш мугалимдер болуп саналат. Быйылкы окуу жылында 18 жаш мугалим мугалимдик ишке кабыл алынган. Мына ушул жаш  мугалимдерге багыт берүү  максатында бүгүнкү слет уюштурулду”,-деди.

Андан соң район акими С.Кулубаев куттуктоо сөз айтып, агартуу жаатындагы ийгиликтер, тажрыйба алмашуу, мугалимдерге стимул берип, шыктандыруучу иш-чара болуусун айтып, жаш мугалимдерди 1-слету менен куттуктады.

Слеттун жүрүшүндө “Менин ишке ашкан кыялым” деген темада Э.Карасартов атындагы орто мектебинин мугалими С.Орозалиев, “Мен мугалиммин”  темасында  Ж.Сатылганов атындагы орто мектебинин англис тили мугалими  Асель Сапарбаева, “Мугалимдердин ролу” деген темада райондук билим берүу бөлүмүнүн адиси Адилет Абдыбачаев жана “Коопсуз мектеп-жаркын келечек” темасында Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин директору Астра Токтогулова кеңири баяндама жасашты.

Слеттун соңунда жаш мугалимдерге баалуу белектер жана ыраазычылык каттар тапшырылды. Ошондой эле жаш мугалимдерди жана тарбиячыларды колдоо боюнча резолюция кабыл алынды.

Даярдаган:  Мөөркан Жумакадырова, Капарбек кызы Гүлжаз