Саха Республикасындагы сулуулук конкурсуна кыргыз кызы катышты

141

Россиянын Саха Республикасындагы Якутск шаарынын Кулаковский атындагы маданият үйүндө «Этно — краса» конкурсу болуп өттү. Кыргызстандын атынан Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл — Туу айылынын тургуну Анарбекова Заида катышты.


Конкурска 16 улуттун кыздары катышышты. «Конкурс  4  этапдан турду , 1 — этап -улуттук  тамак — аш , 2 — этап — өзүн таныштыруу , 3 — этап — өз  улутубуздун каада —  салтын, үрп адатын жана  өзүбүздүн талантыбызды , 4 — этап — улуттук кийимди көргөздүк. Мен үчүнчү орунду алдым, биринчи орунду Анастасия Кириллина эвенкий улутунан алды»- деп билдирди Заида.

Бардык конкурска катышкан кыздар өз улутунун маданиятын жана каада — салтын ачып бергенге аракет кылышты. Конкурстун максаты көп улуттун ынтымагын сактоо болуп саналат.

Даярдаган: Нурматова Айсулуу