Мамыралиев атындагы мектеп- гимназиясында Сокулук районунун кыргыз класстарындагы биология мугалимдеринин семинарында тажрыйба алмашуу болуп өттү.
Осмонова Алмагүл «Таалим-Форум» коомдук фондунун жетекчиси:
“Динара Жолдошбековна жетектеген Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясында биология жана орус тил сабактар боюнча семинар болуп өттү. Биздин бул жакка келгенибиздин себеби, биздин фонд китептерди чыгарган. Бул китептер экология тууралуу. Китептерди Америка элчилиги менен биргеликте чыгардык. Китеп кыргыз тилинде басылып чыккан. Мугалимдер үчүн өтө пайдалуу, себеби ушул китептерди пайдаланып сабактарын өтүшсө, балдарга билим берүүдө көптөгөн мааалыматтарды алышат жана беришет,”- деп айтып кетти.
Айгерим Жолчубекова “Таалим-Форум” коомдук фондундагы проект боюнча координатор:
“Бүгүн Мамыралиев атындыгы мектеп-гимназиясында биология мугалимдердин семинары болуп өттү. Бул семинарга райондон көптөгөн мугалимдер катышты. Семинардын алкагында “Ааламдашуу, биологиялык жана маданий ар түрдүүлүккө болгон таасири” жөнүндө окуучулар арасында чоң иштер болду. Андан тышкары, биздин фонд тараптан тартылган “Мурас”, “Чөлдөгу бакча”, “Жайыт” тасмалары көрсөтүлдү. Мугалимдер тасманы жакшы кабыл алышып, өздөрүнун ойлору менен бөлүшүштү. Аягында биздин фонд тарабынан Америка элчилигинин колдоосу менен чыгарылган «Балдарга экология боюнча китеп» аталыштагы, ошондой эле мугалимдер үчүн усулдук китеп семинарга келген Сокулук районунун мугалимдеринин баардыгына тапшырылды. Китептердин жардамы менен көптөгөн конкурстарды уюштуруп, сабактан тышкаркы иш чараларды өткөрсө болот. Ал эми тасмаларыбыз болсо, биздин Кыргызстандагы биомаданий ар түрдүүлүктү сактоо максатында тартылган. “ Мурас” кол өнөрчүлүгүн жайылтуу жана сактоо боюнча, “Жайыт” кыргыздын салттуу көчүп- конуу эрежелери сакталгандыгы тууралуу ал эми ”Чөлдөгү бакча” адам чөлдү бакчага айлантып, чарбачылык маселелери камтылган тасма”,- деди ал.
Мамытов Каныбек Красно октябрь мектебинин мугалими:
«Окуучулардн билим сапаты эң жакшы. Бүгүнкү иш- чарага жакшы даярданышкан. Көптөгөн элдин алдына эркин кысынбай жакшы сүйлөштү. Бүгүнкү иш-чаранын темасы өтө актуалдуу. Бул жердеги мугалимдердин бардыгы экологияны сактоого өз салымдарын кошууда экенин көрдүк. Бүгүнкү семинардан усулдук китептерди уюштуруп берген мектеп жетекчисине чон ыраазычылык билдирем»,-деп айтып кетти.
Шопоков №1 гимназия мектеп-гимназиясында биология жана география сабагынын мугалими Үмүталиева Айгул:
“Бүгүнкү семинар жакты, Айжан Хасановнанын биология сабагына кирдик, аябай кызыктуу өттү, окучуулар билимдерин көрсөтүштү. Өзгөчө класстан тышкаркы иш-чара көңүлүбүзгө толду. “Ааламдаштыруу” деп аябай чоң тема алыныптыр, негизи университеттеги деңгээлдеги иш- чара болду, мектеп ушундай проект менен иштеп жатканыңар мени абдан кубандырды. Өзгөчө «Таалим-Форум» коомдук фонду тарабынын бизге берилген усулдук китептер биз үчүн чоң белек болду. Окуучулардын өздөрүн алып жүрүүлөрү, ойлорун айтуулары иш- чаранын максатына дал келди”,- деп оюн билдирди.
Майрамкүл Арстанбековна Сокулук районундагы биология сабагы боюнча усулдук бирикме жетекчиси, Сокулук районундагы №3 К.Шопокова атындагы орто мектеп лицейинин мугалими:
«Бүгүн биз бул Рүстөмбек Мамыралиев атындагы гимназия мектебине биология сабагынан семинарга келдик. 8″а»-класста Сезүү органдары. Көрүү анализатору деген темада сабак өтүлдү. Балдар активдүүлүк, кызыгуу менен сабакка катышышты. “Ааламдашуу, анын биологиялык жана маданий ар түрдүүлүккө тийгизген таасири” деген темада 9-10-11-класстар арасында класстан тышкаркы иш- чара болду. Активдүү, акыл чабыты, ой жүгүртүүсү терең, турмушка болгон көз карашы мыкты окуучулар бар экен. Келечек жаштардыкы мектеп-гимназия болгондон кийин эң мыкты окуучулар окуйт деген ишенимим андан дагы тастыкталды. Жалаң эле ааламдашуу дегенде балдар көбүнчө компьютер же болбосо маалыматтык технологияларды пайдаланып, кээ бири маалыматтарды керектүүсүн керексизин деле анализдебей эле алып жатышат. Бүгүнкү иш- чарадан анализдей билгенди үйрөнүп, өздөрүнүн келечегинде пайдасы тие турган маалыматтарды алышты. Албетте, келечектеги жашыл планетанын ээси- азыркы окуучулар. Биз жашыл планета үчүн деп ойлорун айткандай, Кыргызстан силер сүйгөн, силер кыялданган жашыл планета болсун. Адам баласын жаратылыштан бөлүп кароого мүмкүн эмес, адам жаратылыштын бир бөлүгү, ошондуктан, жаратылышка ар дайым жардам берүүбүз, сүйүүбүз, аны коргой билишибиз керек,”- деп айтты.
Сулайманов Акылбек Шопоков шаарындагы Экономика- экологиялык мектебинин мугалими:
“Мен мындайды күткөн эмесмин. Мен ойлогондон дагы жакшы болду. Ал эми окуучулардын баары өз ойлорун ачык айтуулары абдан жакты. Биздин өсүп келе жаткан жаш муундарга жаратылышка аяр мамиле кылып ушул жаратылышты коргоодо экология менен биологияны бири-бирине айкалыштырып эко география, химия дагы камтылды. Адамдар өзунун жашап жаткан мамлекетин көздүн карегиндей сактаса деп ойлойм. Негизи бул эң сонун нерсе. Ар бир кесип өзүнүн багыты менен кетет. Келечектин ээлери силерсинер, ошол өзүңөрдүн салымынарды кошсоңор ааламдашуунун терс жагын жеңесиңер,»- деп оюн билдирди.
Даярдаган: Азиза Таарова, Адылбек кызы Гүлайым