Сурөтбаян: Ак-Талаада Баткен согушунун ардагерлери сыйланды

Ак-Талаа районунун Баетов айылында Баткен окуясынын аяктаганынын 20 жылдыгы белгиленди. Ага райондун акими Сейтек Кулубаев, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Турусбеков, ардагер, генерал-майор Мелис Бекбоев, Нарын облусундагы Баткен окуясынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Эркинбек Шамуратов, Баткен жана Афган согушунун ардагерлери, райондук аскер комиссариатынын комиссарынын орун басары, улук лейтенант Талант Скандарбеков жана мекеме жетекчилери, айыл тургундары катышты.

 

Алгач эстеликке гүлчамбар коюлуп, курман болгон жоокерлердин арбагына багышталып куран окулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Ардагерлер” сейил багында Афган жана Баткен согушунун катышуучуларына арналып тургузулган эстелик реконструкцияланып, жанына БТР техникасы коюлду жана ачылыш аземи болду.

Район жетекчиси Сейтек Кулубаев Кыргызстандын тарыхында Баткен согушу кыргыз жигиттеринин өмүрүн алган кандуу окуя катары унутулбай жазылып жана алардын эрдиктери муундан-муунга тарых болуп айтыла берерин белгиледи. Ошондой эле, ал жоокерлердин баатырдыгы келечек муунга өрнөк болорун кошумчалады.

Андан соң, Баткен окуясынын ардагерлерине КРнын Баткен окуясынын ардагерлер кеңешинин, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын, Баетов айыл өкмөтүнүн, райондук аскер комиссариатынын  ж.б сыйлыктары тапшырылды.

Ошондой эле, БТР техникасын алууга салым кошкон Жылдызбек Кудайбегеновго, эстеликти реконструкциялоо иштерин аткарган Сыймык Райкан уулу баштаган курулушчуларга, айыл өкмөт башчысы Т.Турусбековго жана айылдык кенештин депутаттарына ыраазычылыктар айтылды.

Баткен согушуна Ак-Талаа районунан 45 жигит катышып, бирөөсү кайтпай калган.

Эске салсак, туура 20 жыл мурда «Өзбекстан ислам кыймылы» радикал тобунун жоочулары Кыргызстандын чек арасын бузуп, Баткен аймагына кирип келишкен. Баткен районунда өздөрүнүн лагерлерин курган жана аларды чыңдоого аракет кылышкан.

Өздөрүн «Өзбек Республикасынын мамлекеттик бийлигинин оппозициясыбыз»,-деп эсептеген бандиттик топтор Кыргызстандын аймагын өздөрүнүн базасына айландыруу, тажрыйбасы жок жергиликтүү жаштардын башын айлантып өздөрүнө тартуу, алардан келечектеги баскынчыларды даярдоо максатын көздөшкөн. Өз максаттарына жетүү үчүн алар милициянын, райондук админисртрациясынын кызматкерлерин ал жакта иштеген япондук төрт геологду жана карапайым адамдарды барымтага алышкан. Бир катар кыштактарды басып алууга үлгүрүшкөн. Динге жамынган террорчулардын бул аракети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү катары бааланып, аларды талкалоо, республиканын чегинен сүрүп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алган. Расмий маалыматтарга караганда 48 адам каза болгон.

Даярдаган:  Гүлбарчын Мамытбекова