Тогуз-Торонун таланттуулары филармонияда

347

«Саймалуу-Таш» фольклордук ансамбли 2016-жылы түзүлүп, 2019-жылдын 8-октябрында Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияга 3 жылдык отчеттук концертин берди.

Топтун көркөм жетекчиси Тогуз-Торонун ардактуу айымы Созул Исмаилова. Концертке Тогуз-Тородон барган таланттуу ырчы, бийчи, комузчулар жана Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген ырчылары коштошту.

Концерттин алып баруучулары Тогуз-Тородон чыккан журналисттер, төкмө акын Чынгызхан Кожошов, Нурсултан Кыязбеков, Турсунай Жумадилова, Рина Баймуратова жана Алмаз Уларбеков, концерттин режиссеру Алтынбек Максүтов болсо жетекчиси Чынара Итигулова болду. Бул тууралуу Турсунай Жумадилова билдирди.

Даярдаган: Альбина Бейшеналиева