Акталаалыктар дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалды жеңип алган Билимбек Капарбек уулун тосуп алышты

Ак-Талаа районунун Баетов айылында күрөш боюнча ардагерлер арасында өткөн дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалды жеңип алган Капарбек уулу Билимбекти тосуп алышты. Тосуп алуу салтанатына айыл тургундары, жаштар, кесиптештери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Андан соң Капарбектин уулу Билимбектин жеңиши менен куттуктап, белектерин тартуулашты.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы Сейтек Кулубаев балбандын жеңиши жалпы Кыргызстандын жеңиши экендигин белгилеп, ак калпак кийгизип, кементай жапты.

Ал эми Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Турусбеков 100 миң сомдун сертификатын тапшырды.

Эске салсак, Капарбек уулу Билимбек күрөш боюнча ардагерлер арасында Грузияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалга ээ болгон.

Даярдаган:  Алтынай Байтерекова